Өкмөт башчысы Темир Сариев Кыргызстан 66 өлкө менен болгон визасыз режимден баш тартпай тургандыгын билдирип, бирок Париж менен АКШдагы теракттардан улам «коомдук тартипти көзөмөлдөө» күчөтүлөрүн айтты.

Сариев визасыз режимдин сакталып кала тургандыгы жөнүндө 11-декабрда, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшү боюнча жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, айрым мекеме башчылары менен эксперттердин бир канча жолку сунуштарына карабастан өкмөттө экономикалык жактан өнүккөн 66 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режимди жоюу ниети жок.

«Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу укук коргоо органдары коомдук тартип менен шектүү адамдарды көзөмөлдөөнү күчөтүшөт. Бирок ага карабастан визасыз режим сакталып калат», ― деп кошумчалады.

Көзөмөл 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү Франциянын борбору Париждеги теракттарга жана АКШнын Калифорния штатындагы Сан Бернардино аймагында жайкын адамдардын атылышына байланыштуу күчөтүлөт.

Ал бийлик чет өлкөлүк туристтер үчүн мындан да жагымдуу шарттарды түзүүнүн үстүнөн иштеп жатканын белгиледи ― маселен, электрондук визаларды киргизүү. Электрондук визаларды иштеп чыгуу жана киргизүү тууралуу маалымат биринчи жолу 2013-жылдын августунда пайда болуп, андан кийин алардын зарылчылыгы тууралуу гана кеп козголуп келет.

«Терроризм коркунучу»

Визасыз режимдин жоюлушу керектиги тууралуу пикирлерин билдиргендердин алгачкыларынын бири Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаев болуп эсептелет ― ал 27-ноябрда терроризм Кыргызстанга визасыз режим киргизилген өлкөлөрдөн «келиши мүмкүндүгүн» айткан.

«[…] «Ислам мамлекетинин» курамында батыш Европа өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстанга визасыз режим менен кирүү укугуна ээ Франция, Бельгия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары согушуп жатышат. Албетте ал радикалдуу уюмдардын лидерлери тарабынан биздин өлкөдө позицияларын күчөтүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн», — деп эсептейт УКМКнын башчысы.

Андан кийин 3-декабрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков өкмөттүн аппаратына 2012-жылы киргизилген визасыз режимдин «максаттуулугун карап чыгуу» сунушу жазылган кат жөнөткөн.

Ал катка ылайык, андай сунуштун жөнөтүлүшүнө «Европа менен Азия өлкөлөрүндөгү коомдук-саясий абалдын өзгөрүшүнө кыйла таасир эткен» «акыркы окуялар», анын ичинде Париждеги треакттар себеп болгон.

«Азыркы тапта көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да өз аймагындагы коопсуздукту күчөтүү боюнча мурун болуп көрбөгөндөй чараларды көрүп жатышат. Маселен, Монголия Европа өлкөлөрү үчүн буга чейин киргизилген визасыз режимди бир тараптуу жойду», — деп жазылган катта.

Өз катында парламенттик комитеттин төрагасы Кыргызстанга визасыз режим киргизилген өлкөлөрдөн «сот адилеттигинен жашырынып жүргөн жарандар» келиши мүмкүндүгүн көрсөткөн.

Түркия менен визасыз режим

Андан төрт күн өткөндөн кийин Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысынын орун басары Михаил Ким Түркия менен болгон визасыз режимди жарым жылга токтото туруунун «максатка ылайык» экенин билдирген.

Анын пикиринде, визасыз режимдин жоюлушу жалпысынан туризм тармагына терс таасирин тийгизет, бирок коопсуздук андан маанилүүрөөк.

«Менин конкреттүү сунушум — Түркия менен убактылуу, жок дегенде жарым жылга визасыз режимди токтото туруу максатка ылайык», — деп билдирген анда ал.

Кийинчерээк Туризм департаментинин жаңы дайындалган башчысы Азамат Жаманкулов орун басарынын айткандарынан баш тартып, Кимдин айткандары ― «анын жеке пикири» экенин билдирген.

«[Туризм департаментинин башчысынын орун басары] Михаил Ким бул боюнча жеке өзүнүн пикирин билдирген. Бул өлкөнүн жана биздин республиканын өкмөтүнүн расмий позициясы эмес. Азырынча бизде Түркия менен бир тараптуу негизде визасыз режимди бузуу боюнча позиция жок», — деп билдирген анда Жаманкулов.

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Дастан Жумабеков парламенттин 9-декабрдагы жыйынында визасыз режимдин жоюулушу тууралуу маселе Туризм департаментинин деңгээлинде эмес, а өкмөттүн деңгээлинде чечилиши керектигин айткан.

«Түркия менен визасыз режимди жоюу керектиги тууралуу айтылган Туризм департаментинин башчысынын орун басары Кимдин маеги чыкты. Анын мындай билдирүүлөрдү жасоого ыйгарым укуктары барбы? […] Биздин Түркия менен мамилебиз жакшы, көп жылдардан бери кызматташып келебиз, анан бир адам чыгып алып ушундай билдирүүлөрдү жасап жатат», — деп билдирген анда Жумабеков.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жооп катары ага кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатканын жана Кимдин сөздөрү текшерилерин айткан.

Визасыз режим

Кыргызстанда визасыз режим 66 мамлекеттин жарандары үчүн иштеп жатат ― 45 өлкөнүн туристтери үчүн визалык режим 2012-жылы жоюлган.

«Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү тууралуу» мыйзамга Кыргызстандын президенти тарабынан 2012-жылдын 24-июлунда кол коюлуп, ошол эле күнү күчүнө кирген. Ага ылайык, 44 өлкөнүн жарандары (кийин ал тизмеге Жапония да кошулган) Кыргызстанда 60 күнгө чейин визасыз жүрө алышат:

• Австралия биримдиги;
• Австрия;
• Бельгия;
• Босния жана Герцеговина;
• Ватикан;
• Улуу Британия;
• Венгрия;
• Германия;
• Нидерланды;
• Греция;
• Дания;
• Исландия;
• Ирландия;
• Испания;
• Италия;
• Канада;
• Корея;
• Кувейт;
• Латвия;
• Литва;
• Лихтенштейн;
• Люксембург;
• Мальта;
• Монако;
• Жаңы Зеландия;
• Норвегия;
• Бириккен Араб Эмираттары;
• Польша;
• Португалия;
• Сауд Аравиясы;
• Сингапур;
• Словакия;
• Словения;
• АКШ;
• Финляндия.

Алгач мамлекеттик түзүмдөгүлөрдүн арасында мыйзамга каршы чыккандар болгон. Алсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чет өлкөлүктөрдүн киришине көзөмөлдү жоготуп коюу ыктымалдыгынан улам узак убакыт бою каршы болуп келген — алардын пикирлеринде, визасыз режим өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болчу. Бирок жыйынтыгында УКМК өкмөттүн бул идеясы менен макул болгон.

Ошондой эле визасыз режимге Тышкы иштер министрлиги да каршылыгын билдирген. Мекеме визаларды жоюуда консулдук жыйымдар кыскарарын билдирген.