«NURAIYM» деп жазылган номурдун ээси Нурайым Төлөгөнова сүрөттөгү автоунаалардын баары тең ага таандык эмес экенин айтып, «кылгандары» үчүн кечирим сурады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунда тартылган Төлөгөнованын түшүндүрмөсүнүн видеосун «АКИпресс» маалымат агенттиги жарыялады.

Агенттик кыз «кечирим суроо үчүн» Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматына «өз каалоосу менен» барганын жазды.

Видеодо Төлөгөнова анын жеке автоунаасы жана айдоочулук күбөлүгү жок экенин айткан.

«Мен өзүмдүн келесоолугуман улам кабылган жагдайды түшүндүрүп берейин дегем. […] Мен жөнөкөй эле студентмин, жогорку окуу жайда окуйм, а [мам]номур меники ― жөнөкөй эле калың катуу кагаздан жасалган», ― деген ал.

Айтымында, ал «автоунааларды жакшы көрөт», ошондуктан алардын фонунда сүрөткө түшүп, «Инстаграм» социалдык түйүнүнө жарыялап келген.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев «Фэйсбуктагы» жеке баракчасына кыздын кылгандары үчүн аны кылмыш же административдик жоопкерчиликке тартууга болбой тургандыгын жазды.

@nurayim_9999

Кыз сүрөттөрү «Заноза» жаңылыктар сайтына жарыялангандан кийин белгилүү болуп калган. Өзгөчө анын Ак үйдүн терезесинде тартылган сүрөттөрү жана мигалкалары менен кортеж тартылган видеосу коомчулуктун көңүлүн бурдурган.

Анын эккаунтундагы сүрөттөрдүн көбүндө кыз кымбат баалуу унаалардын фонунда колуна NURAYIM деп жазылган мамлекеттик номурду кармап алып түшкөн.

«Настоящее время. Азия» долбоорунун NURAIYM тууралуу видеосу:

Милиция кызматкерлери @nurayim_9999 аттуу колдонуучунун сүрөттөрүнүн фонундагы автоунаа ээлеринин кээ бирин таба алышкан.

«Белгисиз кыз алардын автосалонуна барып, жакшы, кымбат унаалардын фонунда сүрөткө түшүп алууну өтүнгөн. Кыздын сумкасында «NURAIYM» деген жасалма мамлекеттик номур бар болгон», ― деди ЖККнын өкүлү Атыра Бекмурзаева.

Бирок унаалардын ээлери ал кызды тааныбай тургандыктарын билдиришкен — алар жөн гана кыздын унааларынын фонунда сүрөткө түшүп алуусуна уруксат беришкен.

«Ал «Мерседестин» фонунда сүрөткө түшүп, номурун чечип алгандан кийин маршруттук таксиге отуруп кетип калган», — деп билдирген автоунаа ээлеринин бири.

Нурайым Төлөгөнованын кечирим сурагандыгы тартылган видео ал «Инстаграмдагы» профилин өчүргөн күндүн эртеси пайда болду.