Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кызматкерлерине дипломаттык деңгээлде иммунитет берилет. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште жактырылып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Эми ишке кирише баштаган бул фонддун кызматкерлерине кол тийбестик керекпи?
Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кызматкерлерине иммунитет, жеңилдик берүү жана алардын статусун аныктоо боюнча келишим 9-декабрда Жогорку Кеңеште каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Келишим кыргыз өкмөтү менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ортосунда түзүлгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева парламентте каралган келишимге ылайык, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун орус жарандыгы бар кызматкерлерине дипломаттык деңгээлде статус жана иммунитет берилерин ырастады:
- Ал жерде иштеген чет өлкөлүк жарандардын статусу дипломаттык статуска теңелген. Орусиянын биргелешкен фонддору Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү башка өлкөлөрдө да түзүлгөн. Ошол жерлердеги фонддун кызматкерлери да ошондой статуска ээ.
Айнуру Алтыбаева Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда Орусиянын болгону беш жараны иштерин белгиледи.
Кыргызстандын каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңеште сунушталган келишимдин максаты Кыргыз-орус фондунун ишине ыңгайлуу шарт түзүү экенин белгиледи.
Келишимге ылайык фонддо иштеген орус жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кол тийбестик менен кошо салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Ал эми фонддо иштеген кыргыз жарандары андай жеңилдиктерге ээ болбойт.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Осмонов ишкер багыттагы фонддун кызматкерлерине дипломаттык иммунитет берүү туура эмес дейт:
- Ар кандай фонддор бар. Бирок фонддун кызматкерлерине дипломаттарга берилгендей кол тийбестик, иммунитет берген анча туура эмес. Саясий жагынан алып караганда да, укук жагынан алып караганда да бул кызматкерлерге иммунитеттин кереги жок. Анткени ал фонддо Кыргызстандын да, Орусиянын да жарандары иштейт. Алар эки мамлекеттин мыйзамдары менен иш кылышы керек. Орусиянын жарандары бул жерде иммунитетке ээ болсо, кыргыз жарандары да Орусияда иммунитет бергиле десе болот. Бирок Орусиянын Мамлекеттик Думасы ага барбайт.
Курманбек Осмонов фонддун кызматкерлерине иммунитет берилгенден кийин "Русгидро", "Газпром" сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү да чыгып, бизге да иммунитет бергиле деп талап коюшу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондуктан дипломаттык иммунитет эл аралык нормаларга, анын ичинде Вена конвенциясына ылайык берилгени туура болорун Курманбек Осмонов кошумчалады.
Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев кол тийбестик статусун берүүнүн тескери жагдайлары болгонун АКШнын Транзиттик борборунун аскеринин мисалында ырастайт:
- Америкалык аскер базасы жайгаштырылганда базанын өкүлдөрүнө, бардык аскер кызматкерлерине ошондой иммунитет берип коюшкан. Ошондо кыргыз жараны Ивановду өлтүрүп койгондо да, жол кырсыгына себепчи болушканда да эч кандай жоопкерчиликке тартылышкан эмес. Мунун өзү туура эмес. Дипломатиялык кызмат болсо, анда бериш керек. Ишкер деген ишкер. Ал мыйзам чегинде иштеши керек. Андай өзгөчө шарт түзгөн туура эмес.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2014-жылы ноябрда түзүлгөн. Ага Орусия 1 млрд. доллар бөлүүгө убада берген. Азыркы кезге чейин фонддун эсебине 300 млн. доллар которулуп, ал республикада айрым долбоорлорду каржылай баштаганы маалым. Фонд ошондой эле коммерциялык банктар аркылуу чакан жана орто ишкерлерге да насыя бере баштаганы кабарланган.
Сүрөттө: Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилери.