Париждеги климаттык саммиттин бардык 195 катышуучусу тең көмүртек диоксидинин агындыларынын атмосферага чыгуусун кыскартууга жана 2100-жылга чейин абаны 2 градустан ашык жогорулатпоого милдеттендирген жаңы келишимди кабыл алышты.
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча келишим долбоору бир күн кеч, 12-декабрда Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус тарабынан сунушталды — анын айтымында, «талаш-тартыш абдан көп» болгон.
«Би-би-синин» орус кызматы келишим аткарылууга жарым-жартылай милдеттүү жана жарым-жартылай каалоолорду калыптандыруучу болуп эсептелерин билдирүүдө.
Ал өз ичине атмосферага зыяндуу агындылардын чыгуусуна каршы күрөшүү жана альтернативдүү энергия булактарына өтүү үчүн 2020-жылга чейин өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 100 миллиард доллардын бөлүнүшүн камтыйт.
«77 тобу» деп аталган топтогу өнүгүп келе жаткан Кытай менен Индия өлкөлөрү келишимдин айрым пункттары боюнча нааразычылыктарын билдиргендиктери менен алар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту.
Бул дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүн көмүртек диоксидинин — CO2 — агындыларын азайтууга жана 2100-жылга карата атмосферанын 2 градус Цельсиядан жогору көтөрүлүшүнө жол бербөөгө милдеттендирген тарыхтагы алгачкы документ.
Аны менен катар келишимдин аткарылып жатышын текшерүү үчүн бардык өлкөлөр ар беш жыл сайын чогулуп турушат.
Париж келишими 1992-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн «Жер саммитинде» Бириккен Улуттар Уюму алгачкы жолу климаттын өзгөрүүсү көйгөйү тууралуу маселе көтөргөндөн 23 жылдан кийин кабыл алынды. Анда өлкөлөрдүн бул маселе боюнча аракеттеринин жалпы принцибин аныктаган алкактык конвенция кабыл алынган болчу.
«Тарыхый келишим»
Парижде кабыл алынган документти лидерлердин көбү «тарыхый келишим» деп атоого жетишишти.
«Бул адамзаты үчүн абдан чоң кадам. Эгер ар ким эле өзүнүн гана жеке кызыкчылыктарын эске алуу менен окуса келишим эч качан идеалдуу болбойт. Бизге сүйлөмдөгү белгилүү бир пункттар боюнча эмес, а [келишимдин] жалпы текст боюнча баа беришет. Бизге айтылган сөздөр боюнча эмес, а жасаган иштерибиз боюнча баа беришет», — деп билдирди Франциянын президенти Франсуа Олланд.
АКШ президенти Барак Обама Париж келишиминин кабыл алынышын дүйнө парник газдарынын атмосферага чыгуусун азайтууну каалап, аны аткара ала тургандыгын көрсөткөн «бурулуш учур» деп атады.
«Бүгүн биз дүйнө бирдиктүү аракет жасаганда эмнелерге жетишүүгө болорун көрсөттүк», — деп билдирди америкалык президент.
Бирок АКШдагы айрым экологдор келишимдин маанилүү экендигине карабастан аны ратификация кылышы керек болгон АКШнын Конгрессинде терс кабыл алынышы мүмкүндүгүн билдиришти.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев 1-декабрда Париждеги саммиттин ачылышында климаттык өзгөрүүлөр Кыргызстанды «кыйгап өтпөгөндүгүн» билдирген — өлкөдөгү тоо мөңгүлөрүнүн тездик менен ээрип жатышы 2025-жылга карата алардын аянтынын 30-40 пайызга чейин кыскаруусуна алып келиши мүмкүн.
«Кургакчылык мурда болуп көрбөгөндөй биздин тынчыбызды кетирип, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу калктын оорулары көбөйүүдө. Борбор Азияда таза суунун калыптанышынын аймагы болуп эсептелген мөңгүлөрдүн тез ээрип баратканы өзгөчө тынчсыздандырууда», — деп билдирген анда Атамбаев.
Анын айтымында, Кыргызстандын бийлиги өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык программаларында климаттын өзгөрүшү маселелеринде алакалашуунун үстүнөн «жигердүү иштеп жатат».
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак телеканалдарынын түз эфиринде келишимдин талаптарын аткаруу үчүн 2017-жылы Астанада өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө тема катары атайын энергиянын алтьтернативдүү булактары тандалганын айтты.
«Азыр дүйнө жүзү Парижде климаттын өзгөрүшү көйгөйүн талкуулап, зыяндуу агындыларды азайтуу маселеси коюлууда. Агындылар дал биз жашап жаткан нерселер тарабынан чыгууда: көмүр, мунай иштетүү. Кылымдын соңуна чейин планетанын эки пайыздан ашык жылышына жол бербөө керек. Окумуштуулар күндүн энергиясы адамзатка керектүү энергия менен камсыз кыла ала тургандыгын айтып жатышат. Шамалдын энергиясы, гидроэнергетика, суутек энергетикасы», — деп эсептейт Назарбаев.
CO2нин агындылары жана «адамзатка коркунуч»
«Парник газдарынын агындылары — адамзатка коркунуч туудурат жана Парижде кабыл алынган климаттык келишим ал көйгөйдүн чечилиши үчүн жасалган алгачкы кадам», — деп жазды «Нью-Йорк Таймс» гезитинин илим жана климаттык өзгөрүүлөр бөлүмүнүн баяндамачысы Жастин Гиллис.
Анын айтымында, мөңгүлөр ээрип, а жээк сызыктары деңиз деңгээлинин жогорулашынан улам кыскарып жатат.
Саммит өтүп жаткан убакта басылма эки репортаж жарыялады — биринчиси мөңгүлөрдүн ээришинен улам Гренландиянын аймагынын кыскарышы, а экинчиси Маршалл аралдарынын үлгүсүндө дүйнөлүк океандын деңгээлинин жогорулашы жөнүндө.
«Келишимдин жыйынтыктоочу варианты баары үчүн үмүт берүүчү болуп эсептелет, бирок алардын аткарылышынын убактысы же анын жоктугу тынчсыздандырууда», — деп жазган «Гардиан» гезити Лондондун университетик колледжиндеги климаттык өзгөрүүлөрдү изилдөөчү Илан Кельмандын айткандарын.
Кельман Париждеги келишимди колдогону менен дээрлик бардык өлкөлөр протоколдун өзгөрүшү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ деп эсептейт. Айтымында, ал өлкөлөрдүн парламенттери документти кабыл албай коюлары мүмкүн.