Kloop.kgнин редакциясы журналисттер менен активдүү жарандарды иликтөө журналистикасы боюнча тренингге катышууга чакырат. Тренинг бекер өткөрүлөт, орундардын саны чектелүү.

Трениг өтүү үчүн чакырылгандар — иликтөө жанрынын жылдыздары, практик журналисттер.

Максаты — тренингдин жыйынтыгында өз материалдарынын үстүнөн иштеп, аларды Kloop.kg сайтына жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялай турган журналисттер менен активисттердин иликтөөчү тобун түзүү.

Качан?

Тренинг эки сессияда өтөт: 2015-жылдын 17-декабрынан 19-декабрына чейин жана 2016-жылдын 16-январынан 19-январына чейин.

Кайсыл жакта?

Kloop Mediaнын кеңсеси, Огонбаев көчөсү, 222, Бишкек

Тренингди ким өткөрөт?

Декабрдагы сессияны египеттик журналист Хишам Аллам өткөрөт.

2011-жылы ал египеттик революция маалында камактагылардын массалык түрдө абактардан качууларын иликтеген. Кийин анын иликтөөсүнүн жыйынтыктары Египеттин президенти Мухаммед Мурсинин бийликтен кетүүсүнүн себептеринин бири болгон.

Январдагы сессияга Клооп өзүнүн иликтөөлөрү менен белгилүү болгон орусиялык ири гезиттин журналистин чакырды. Анын аты-жөнү январдын башында айтылат.

Катышуу үчүн милдеттүү болгон шарттар:

• Эки сессияга (декабрдагы жана январдагы) калтырбастан жана кечикпестен катышуу
• Иликтөө жүргүзүү же ырастаган фактылардын негизинде адепки түзүлгөн материалдарды даярдоо үчүн конкреттүү так темалар менен идеялардын болуусу
• Жеке иликтөөлөрдү жүргүзүү тажрыйбасы (эмгектериңердин үлгүлөрүнө же видео, сүрөт жана тексттик материалдарга шилтеме)
• Тренингдин жыйынтыктары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү мүмкүндүгү.

Иликтөөлөр үчүн акча төлөнөбү?

Ооба. Иликтөө жалгыз же топ менен биргеликте жүргүзүлүүсү мүмкүн. Жарыяланган материал үчүн калем акы катары 100 АКШ долларынан 800 долларга чейин берилет.

Катышууну каалайм

Орундардын саны чектелүү, ошондуктан биз чынында эле иликтөө жүргүзүүнү каалап, тренингге көрсөтүлгөн күндөрү эртеден кечке чейин катыша ала тургандардын гана билдирме жөнөтүүлөрүн өтүнөбүз.

Эгер силер окуп же иштесеңер көрсөтүлгөн күндөрү толугу менен бош болушуңар керек. Ошондуктан алдын ала суранып коюңарды өтүнөбүз.

Kloop.kgнин редакциясы мыкты билдирмелерди тандап алып, силер менен 16-декабрь күнү кечке чейин байланышат.

Катышууга билдирме жөнөтүү үчүн төмөндөгү форманы толтургула:

    Аты-жөнү*

    Эмейли*

    Мобилдик телефон номери*

    Иликтене турган теманын так жана ачык баяндалышы*

    Аткарылган иштердин мисалдары (шилтемелери менен)

    Тренингдин аягында Kloop.kg менен иликтөө жүргүзүүгө даяр экенимди тастыктайм*

    ОобаЖок

    17-19-декабрь жана 16-19-январь күндөрү боло турган тренингге толугу менен катыша алаарымды тастыктайм*

    ОобаЖок

    * Сөзсүз түрдө толтурулушу керек