Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушунун башталыш мөөнөтү эки өлкөнүн бийлиги биргелешкен келишимге кол койгондон кийин, декабрдын ортосунда белгилүү болот, деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев.

Атамбаев мындай билдирүүнү 13-декабрда Кыргыз-кувейт инвестициялык форумунун ачылышында жасады.

Документ 2012-жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушунун башталыш мөөнөтүн аныктайт.

«Документке Кыргызстандын транспорт министри [Аргынбек Малабаев] менен Кытайдын транспорт министри [Ян Чуаньтань] кол коюшат», — деп жазды «Тазабек» маалымат агенттиги Атамбаевдин айткандарын.

Билдирүү Кыргызстандын Транспорт министрлигинин башчысы Аргынбек Малабаев темир жолдун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу тууралуу билдиргенден бир аптага жакын убакыттан кийин жасалууда.

Кытайдан Кыргызстанга чейин келип, андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу өтүп Европа менен бириктире турган темир жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик 20 жылдан бери жүрүп келет.

2002-жылы Кытай 268 чакырымга созулуп, Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жолдун биринчи долбоорун сунуштаган.

10 жылдан кийин кыргыз бийлиги темир жолдун узундугу 380 чакырымды түзгөн техникалык-экономикалык негиздеменин өз версиясын сунуштаган. Кыргыз долбоорун иштеп чыккандардын айтымдарында, жол «тоону айланып өтөт» ошондуктан туннелдердин саны аз болуп, анын курулуш баасы да арзан болот.

2013-жылы Кытай темир жолдун жаңы техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыккан, бирок аны менен кыргыз өкмөтү макул болгон эмес.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып бүттү. Бирок биз колубузга тийген жыйынтыктар менен макул эмеспиз, бүгүнкү күндө баасы өсүп кеткендигине байланыштуу ал оңдолууда», — деп билдирген анда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

Темир жолдун курулушунун башкы көйгөйү болуп колеялардын жазылыгындагы айырмачылыктар эсептелет — Кытай 1435 милиметрди түзгөн эл аралык стандартты пайдаланат, а Кыргызстан жазылыгы 1520 милиметр болгон советтик стандартты пайдаланат.

Кыргызстандын Транспорт министрлиги 2015-жылы темир жолдун курулушу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жандандырып, анын техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу башталган. Тараптар жолдун Кыргызстан аркылуу өтө турган бөлүгүн курууда советтик стандартты пайдалануу боюнча болжолдуу түрдө макулдашышкан.

Анда «Кыргыз темир жолунан» кыргыз-кытай темир жолунун курулушу менен бир эле маалда өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктире турган темир жолдун курулушу башталышы мүмкүндүгүн билдиришкен — болжол менен ал темир жол учурда курулуп жаткан унаа жолунун маршруту боюнча өтүшү керек.

2015-жылдын ноябрынын аягында Кытай темир жол корпорациясынын башкы инженери Хе Хуаю Кытайдан Иранга чейин кете турган жогорку ылдамдыктагы темир жолдун долбоору менен тааныштырган.

China Daily гезити билдиргендей, ал темир жол төмөнкү маршрут боюнча кетиши керек болот: Үрүмчү жана Инин (Кулжа) — Алматы — Бишкек — Ташкент — Самарканд — Ашхабад — Тегеран.

Бирок анын айтымында, жолдун курулушуна колеялардын жазылыгындагы айырмачылыктар тоскоолдук кылууда. Ал анда Кытай жаңы темир жолун төшөп, ал аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыган поезддер менен бирге жүк ташыган поезддерди да кое бериши мүмкүндүгүн болжолдогон.

«Жалгыз гана айырмасы ылдамдыгында болушу мүмкүн: жүргүнчү ташыган поезддер ылдамдыгын саатына 250-300 чакырымга чейин жеткире алышат, а жүк ташыгандары 120 гана чакырым», — деп кошумчалаган ал.