Эгер өкмөт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин токтом долбоорун кабыл алса кыргызстандыктар 1-январдан 3-январга чейин жана 7-январдан 10-январга чейин эс алышат.

Жаңы жылдык майрамдар тууралуу токтом долбоору өкмөттүн кол коюусунда, деп билдирди эмгек министринин орун басары Зууракан Каденова.

Анын айтымында, Жаңы жылдан кийин кыргызстандыктарга жети эс алуу күнү сунушталууда — 1-январдан 3-январга чейин жана 7-январдан 10-январга чейин.

Аны менен катар 4-январдан 6-январга чейинки күндөрдү иш күн кылуу, ал эми жума күнүнө туш келген 8-январь иш күнүн 16-январга жылдыруу сунушталууда.

Каденова бул токтом долбоорунун акыркы варианты болуп эсептелер-эсептелбесин тактаган жок.

«КирТАГ» маалымат агенттиги өкмөткө шилтеме жасоо менен бийлик «узакка созулган жаңы жылдык майрамдардан баш тартуу» чечимине келгенин жана сунушталып жаткан жаңы жылдык эс алуу күндөрү «жем алыш жана эс алуу күндөрүнүн туура пайдаланышын камсыз кылуу максатында» иштелип чыккандыгын жазды.

2014-жылы жаңы жылдык эс алуу күндөрү тууралуу токтом долбоору өкмөттүн кароосуна 1-декабрда киргизилгени менен министрлер кабинети аны 26-декабрда кабыл алган болчу.

Анда токтомдун кабыл алынуусунун кечеңдеши социалдык түйүндөрдүн кыргыз сегменти менен «Дизель» интернет-форумунун айрым колдонуучуларынын нааразычылыктарын жараткан.