Өкмөт Кыргызстандан учуп кетип жаткан жүргүнчүлөр үчүн аба майдандык акы алууну жогорулатууну карап жатат. Аба майдандын маалыматы боюнча, ал сумма 10 АКШ долларынан 15 долларга чейин көтөрүлөт.

Эмне болду?

«Манас» аба майданы аба майдандык акы алуу — өлкөдөн учуп кетип жаткан жүргүнчүлөрдөн 15 АКШ доллары өлчөмүндө каражат алууну киргизүүнү сунуштады.

«2016-жылдын 1-январынан тарта эл аралык аба майдандан эл аралык аба линиялары боюнча учуп кетип жаткан ар бир жүргүнчүдөн 15 АКШ доллары өлчөмүндөгү аба майдандык акы алууну киргизүү тууралуу сунушту кароого коюу», — деп жазылган буйрукта.

Улан Исаковдун «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынган документтин сүрөтү.
Улан Исаковдун «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынган документтин сүрөтү.

«Манас» аба майданы ал каражаттын эсебинен инфраструктурасын жакшыртып, аба майдандын жабдууларын жаңыртууга 16 млн. доллар бөлгөн Жапониянын алдындагы карызынан кутулуу ниетинде.

Учаарымда менден кошумча дагы 15 доллар талап кылышабы?

«Манас» аба майданынын басма сөз кызматы андай болбостугун айтын ишендирүүдө. Ал 15 долларлык акы авиабилеттердин баасынын ичине кирет. «Жүргүнчүлөр ал жогорулатууларды сезишпейт деле», — деп билдиришти «Манастан».

А негизи учуп кеткендиги үчүн акча алуу бул нормалдуу эле көрүнүшпү?

Дүйнө өлкөлөрүнүн айрымдары бул ыкманы пайдаланышат, башкалары пайдаланбайт. Анан да Кыргызстандан учуп кетип жаткан жүргүнчүлөр авиабилеттерди сатып алуу менен буга чейин деле 10 АКШ долларынан төлөп келишкен. Аба майдандын маалыматы боюнча, 2015-жылы «Манас» ал акы алуулардан эки миллиард сомго жакын акча тапкан.

Аба майдандык акы алуу дегендин өзү кандай?

Бул негизи билеттин баасына кирген жыйым. Ал учуп кеткен жана учуп келген учактарды тейлеген аба майдандын бюджетине бөлүнөт.

Бул жыйым ар кайсыл авиакомпанияда ар башкача айтылат: «такса», «жыйым» же «салык». Алынчу акча авиакомпания тарабынан берилген билетте көрсөтүлөт.

Чогулган акча аба майдандын негизги керектөөлөрүнө жумшалат — инфраструктурасын жакшыртуу, аймагын же аэробекеттин имаратын кеңейтүү, карыздарынан кутулуу же кызматкерлерине айлык берүү.

Авиабилеттердин баасы кымбаттайбы?

Азырынча белгисиз.

Анткени билет бааларын авиакомпаниялар аныкташат. Балким алар баасын жогорулатууну каалашаттыр, а мүмкүн андайга барышпайт — бардыгы тең аба майдан менен болгон сүйлөшүүлөрдөгү келишүүлөргө жараша аныкталат.

Акы алууну жогорулатуу тууралуу буйрукка азырынча Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев кол кое элек.

«Аба майданда акы алуу өлчөмүн жогорулатуу маселеси көптөн бери турат, анткени ал башка өлкөлөрдөгүгө караганда төмөн болчу», — деп билдиришти «Манас» аба майданынын басма сөз кызматынан.

Жыйымдар мурдагыдай эле эл аралык багыттагы каттамдарга тиешелүү болот, тактап айтканда, аны чет өлкөлөргө учуп жаткан жүргүнчүлөр гана төлөшү керек болот.

Башка өлкөлөрдө бул кандай иштейт?

Маселен, немис аба майдандарында ал жыйымдар «жүргүнчү салыгы» деп аталат. Немис бийлиги дүйнөнү өлкөлөрдүн үч тобуна бөлгөн:

  • Европага, Түркияга, Алжирге, Мароккого, Ливияга жана Туниске учкан жүргүнчүлөр 7,5 евродон төлөшү керек;
  • Жакынкы Чыгыш, Борбордук Африка өлкөлөрүнө, Египетке, Пакистанга жана Ооганстанга учкан жүргүнчүлөр 23 евродон бир аз көбүрөөк төлөшү керек;
  • калган бардык өлкөлөргө учкандар — 42,18 евродон төлөшү керек.

Мисалы, Улуу Британиядагы аба майдандар чет өлкөлөргө учуп жаткан ар бир жүргүнчүдөн же аба майдан аркылуу транзит менен учкандардан «акциздик салык» алышат. Анын өлчөмү  — 13 фунт стерлингден 94 фунт стерлингге чейин (ал ар эки жыл сайын жогорулап турат).

АКШда аба майдандык жыйымдар чет өлкөлөргө учкандардан гана эмес, а бардык жүргүнчүлөрдөн алынат. Ал жакта жүргүнчүлөр ар бир учуусу үчүн 4,5 АКШ долларынан төлөшөт, бирок анда да ал акча билеттин баасына кирет.

Сүрөт «Манас» Эл аралык аба майданы» ААКсынын сайтынан алынды.