Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрүнүн инвесторлорун кыргыз экономикасына акча салууга чакырды — мамлекет башчысынын пикиринде, өлкөнүн башкы артыкчылык жагы — туруктуулук, либералдуу мыйзамдар жана ыңгайлуу географиялык жайгашуусу.

Атамбаев Кувейтке болгон сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү инвесторлорду Кыргызстанга акча салууга чакырды — анын айтымында, өлкө «араб өлкөлөрүнүн инвесторлорунун армиясын» күтүп жатат.

«Кыргызстан бизнеске инвестиция салуу үчүн жакшы башталгыч  аянтча болуп саналат. Анткени  өлкөбүз  1,5 млрд. калкы бар Кытай менен чектешет, ошондой эле дээрлик 200 миллиондук өткөрүү рыногу бар биримдиктин мүчөсү болуп саналат.  Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды бажы алымдары жок Орусияга, Казакстанга жана Беларусиянын  рынокторуна  жөнөтсө болот», — деп билдирди Атамбаев.

Өлкө башчысынын айтымында, Кыргызстанга инвестиция салуу үчүн жагымдуу тармактар — бул туризм, энергетика, тоо кен тармагы жана өнөр жай.

«Кыргызстан – кен байлыктарга бай кереметтүү өлкө: бизде түстүү металлдын мол запасы бар. Кыргызстан  - мөңгүлөрдүн өлкөсү жана  чоң дарыялардын башатында жайгашкан. Ошондуктан  өлкөбүздө гидроэлектростанцияларды курууга болот», — деди ал.

Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы товар алмашуу жылына 500 миллион доллардын айланасында.

Кувейттин Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Абдульвахаб Мухаммад Аль Вазандын пикиринде, бул жогорулатууга мүмкүн болгон эң төмөнкү көрсөткүч.

«Анткен менен Кыргызстан чоң инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө ээ жана бизди курулуш, энергетика, соода жана туризм сыяктуу көптөгөн тармактар кызыктырат», — деди ал.

Атамбаев Кувейтке 11-декабрдан 15-декабрга чейин созулган Түркмөнстан менен Катарга болгон иш-сапарларынын ортосунда барган.