Парламентарий Кыянбек Сатыбалидев экстремизм үчүн жазык жоопкерчилигин катаалдатууну сунуштаган мыйзам долбоорун талкууга алып чыкты.

Президенттик КСДП фракциясынан депутат Сатыбалдиев экстремизм үчүн жоопко тартуу курагын 16 жаштан 14 жашка чейин төмөндөтө турган мыйзам долбоорун сунуштады.

Анын пикиринде, экстремисттик материалдарды тараткандардын арасында азыркы мыйзамдар боюнча жоопко тартууга мүмкүн болбогон 14-15 жаш курактагы өспүрүмдөр аз эмес.

«Экстремисттик мүнөздөгү материалдарды тараткан, сактаган жана Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетип, аларга көмөкчү болгон адамдардын арасында 14-15 жаштагы өспүрүмдөр аз эмес», — деп жазды депутат.

Анын мыйзам долбоору төмөндөгүлөрдү да сунуштоодо:

•экстремизмге айыпталгандар үчүн шарттуу жазалоо чараларын белгилөөнү жоюу;
•экстремизм үчүн жазаны жеңилдетпөө;
•экстремизмге туура келген беренелер үчүн кылмыштын эскирүү мөөнөтүн алуу;
•экстремизмге айыпталган көп балалуу энелер үчүн жаза мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну жоюу.

Сатыбалдиевдин айтымында, мыйзамды катаалдатуу диний экстремизмге жана терроризмге байланышкан кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигин күчөтүү үчүн зарыл.

«Азыркы тапта диний экстремизм менен эл аралык терроризм Кыргыз Республикасы үчүн масштабдуу коркунуч жаратууда. Ага каршы күрөшүү ыкмаларынын бири болуп мыйзамдагы актыларды жакшыртуу болуп эсептелет», — деп жазган депутат документке тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Мыйзам долбоорунун өзү парламентке бериле элек, бирок коомдук талкууга коюлду.

Кыргызстандагы экстремизмге каршы күрөш

2015-жылы Кыргызстандын бийлиги өлкөдө экстремисттик идеологиянын жайылуу көйгөйүнө, ошондой эле кыргызстандыктардын «Ислам мамлекети» тарапта согушуу үчүн Сирияга кетип жатышына карата кескин кам көрүп баштады.

Алсак, 2015-жылдын февралында бийлик Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы белгилүү имам Рашод Камаловду кармаган. Ал «диний кастыкты козутууга» жана «экстремисттик материалдарды таратууга» айыпталып, октябрда беш жылдык мөөнөткө жатак абагына соттолгон.

Камаловдун коргоочулары бийликтин айыптоолорун четке кагып, УКМКнын дооматтары «так эмес» экенин жана «квалификациясы төмөн» эксперттердин көрсөтмөлөрүнө негизделгенин айтышкан.

Июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкекте жана шаардын чет жактарында үч «контртеррористтик» операция өткөргөн. Анын жүрүшүндө «Ислам мамлекетинин» жети «согушкери» өлтүрүлүп, дагы сегизи кармалган.

Кийин колго түшүрүлгөн жана өлтүрүлгөн «согушкерлердин» ата-энелери балдарынын эл аралык экстремисттик уюмдарга тиешелери бардыгын четке кагышкан.

Ошол эле июль айында президент Алмазбек Атамбаев чет өлкөлөрдөгү согуштук жаңжалдарга катышуу үчүн жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзамга кол койгон — ал берене боюнча соттолгон кыргызстандыктар 15 жылга чейин эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.

«Жаңы 226-4-беренени киргизүү менен Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги белгиленди», — деп түшүндүргөн мыйзам долбоорун президенттин басма сөз кызматы.

Франциянын борбору Париждеги жана АКШнын Сан Бернардино аймагындагы теракттардын фонунда 2015-жылдын ноябрь-декабрь айларында УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев 45 өнүккөн өлкө менен болгон визасыз режимден баш тартууну сунуштап, аны «террористтик коркунуч» түшүндүргөн.

«[…] «Ислам мамлекетинин» курамында батыш Европа өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстанга визасыз режим менен кирүү укугуна ээ Франция, Бельгия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары согушуп жатышат. Албетте ал радикалдуу уюмдардын лидерлери тарабынан биздин өлкөдө позицияларын күчөтүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн», — деп билдирген УКМКнын башчысы.

Кийинчерээк Сегизбаевдин ал идеясын депутат Алмаз Баатырбеков колдоого алган, а Туризм департаментинин башчысынын орун басары Михаил Ким Түркия менен жарым жылга визасыз режимди жоюуну сунуштаган.

Бирок кийин премьер-министр Темир Сариев өкмөт визасыз режимден баш тартпастыгын, бирок укук коргоо органдары коомдук тартипти көзөмөдөөнү күчөтө тургандыктарын билдирген.

Сүрөт иллюстрациялык мүнөзгө ээ.