«Бүтүн Кыргызстан» жана «Эмгек» партиялары 2016-жылы өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоого өз алдынча катышышат, деп билдирди саясий бирикменин теңтөрагасы Адахан Мадумаров.

Мадумаров партиялардын бөлүнгөндүгү жана жергиликтүү кеңештерди шайлоого өз алдынча катыша тургандыктары жөнүндо 16-декабрда билдирди.

Анын айтымында, «Бүтүн Кыргызстан» жана «Эмгектин» өз алдынча катышуусу тууралуу демилге эки партиянын жаштар канаттарынан келип түшкөн.

«Биздин жаштар жаңы жылдан кийин жергиликтүү шайлоого өз алдынча катышалы деп сунуш киргизди. Саясий кеңеште буга макул болдук. Бирок “Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгектин” максаты, идеясы мурдагыдай эле бир, болгону жолдору гана башка болот», — деп жазды «Азаттык» анын айткандарын.

24.kg маалымат агенттиги Мадумаровго шилтеме жасоо менен жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо эки партиянын атынан тең «жаш кадрлар» катышарын билдирүүдө.

Аскар Салымбековдун «Эмгеги» менен Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясы октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдында 2015-жылдын 21-майында бириккен. Бирок шайлоонун жыйынтыктары менен алар жети пайыздык чектен аша албай, Жогорку Кеңешке өтпөй калышкан.

«Мен дагы, Аскарбек Салымбеков дагы жергиликтүү кеңештерге талапкер катары катышпайбыз», — деп жазды 24.kg Мадумаровдун айткандарын.

«Азаттык» радиосу Мадумаров 2020-жылдагы парламенттик шайлоого эки партиянын өз алдынча же чогуу катышары чечиле электигин айтканын билдирди.

«Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясы 2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 6,14 пайызынын. же 96 миңден ашык добуш алып, жалпы жыйынтыкта жетинчи орун алган.

Партия лидерлери бийликти түштүк облустардагы жыйынтыктарды бурмалоого бир канча жолу айыптап, добуштардын кайрадан саналышын талап кылышкан.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 2016-жылы өтөт: мартта Ош менен Караколдо, а калган облус борборлору менен Бишкектин кеңешин шайлоо октябрь-ноябрь айларында өтөт.