Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы Кытай азык-түлүктөрүнүн кыргыздыкы деп киргизилиши «системалык мүнөзгө ээ болуп бара жатканын» билдирди.

Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Россельхознадзор) Кыргызстандан келип жаткан карантиндеги азык-түлүктөргө карата фитосанитардык көзөмөлдү жоюунун алгачкы айы күтүлгөн натыйжаларга алып келбегенин билдирди.

«Кытай азык-түлүктөрүн кыргыздыкы катары мыйзамсыз ташып келүү системалык мүнөзгө ээ болуп бара жатат», — деп билдирди 15-декабрда Россельхознадзор.

Федералдык кызмат мисал катары Кыргызстанда тастыкталган, бирок «таңгагындагы коюлган белгилери» боюнча Кытайдыкы болгон 40 тонна мандариндин өлкөгө киргизилбей токтотулганын келтирген.

Россельхознадзор документте көрсөтүлгөн товардын алынып өткөн жолуна карап кыргыз тастыктамасынын анык экенинен күмөн саноодо.

«Тастыктамадагы маалыматтарга ылайык, Москвадагы фирманын дарегине жеткириле турган мандариндерди Ростов-на-Донудагы өткөрмө пункту аркылуу алып өтүүнү пландашкан», — деп билдирди федералдык кызмат.

Кызматтын маалыматы боюнча, мандариндер карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөн Казакстанда өтүшкөн. Россельхознадзордун өзү Кытайды «фитосанитардык жактан коркунучтуу өлкө» деп атаган.

«Карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүдө жыл сайын 50дөн ашык учурда Орусиянын аймагына Кытайдан карантиндеги азыктар келет», — деп билдиришти орусиялык мекемеден.

Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан бул анда-санда гана болчу учур болушу мүмкүндүгүн айтышты. Инспекциянын өкүлүнүн айтымында, Кыргызстандын ишкери документте өндүрүүчү өлкөнү «туура эмес көрсөтүп алган», анткени Кыргызстанда «мандариндер өспөйт».

Кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөл 20-ноябрда, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден үч ай өткөндөн кийин алынган.

Чек арадагы фитосанитардык көзөмөлгө Бишкек менен Оштогу эл аралык аккредитациясы бар атайын лабораториялар тарабынан берилчү сапат тастыктамасын текшерүү кирген.

Фитосанитардык көзөмөлгө алына турган азык-түлүктөрдүн тизмесине жашылча, мөмө-жемиштер, дан эгиндери, бак-дарактар, гүлдөр, үрөндөр жана тамеки чийки заттары кирген. Тизмедеги азык-түлүктөрдүн толук тизмесин бул жерден көрүүгө болот.

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын директору Таалайбек Айткулов Kloop.kgге курган маегинде чек арадагы көзөмөл алынгандан кийин кыргыз фермерлерине эл аралык үлгүдөгү сертификатты гана көрсөтүү жетиштүү болорун билдирген.

Россельхознадзордун билдирүүсү мамлекеттик «Российская газетага» жана башка бир катар орус маалымат каражаттарына Москва менен Орусиянын түштүк аймактарында коңшу Абхазиядан алынып келинген деп айтылган кытай мандариндери сатылып жаткандыгы туурауу маалыматтар жарыялангандан бир айдан кийин жаңырууда.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү процессинин жүрүшүндө өлкө бийлиги интеграциялык биримдикке кошулгандан кийин экспорту көбөйө турган тармак катары айыл-чарба өндүрүшүндөгү жашылча, мөмө-жемиш, дан эгиндерин, ошондой эле мал чарба тармагында эт менен сүттү аташкан.

Кытай Кыргызстандын товарларды, азыктарды жана тигүү тармагына сырьелорду жеткирип турган башкы экспорттоочуларынын бири болуп эсептелет. Эксперттер менен өлкө бийлигинин пикири боюнча, ЕАЭБге киргенге чейин кыргыз экономикасы кытай товарларын Казакстан, Орусия жана Өзбекстанга реэкспорттоонун эсеби менен кармалып турган.