Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Салык кызматынын Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча башкармалыгынын начальнигин жеке иштерден 300 миң сом талап кылгандыгы үчүн кармады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Мамлекеттик салык кызматынын чиновнигинин кармалгандыгы тууралуу 16-декабрь күнү эртең менен билдирди.

Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы «пара талап кылууга» жана «кызмат абалын кыянат пайдаланууга» айыпталууда.

«Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын начальниги «Ж.А.» алкоголдук продукция өндүрүүгө зарыл болгон этил спиртин алууга уруксат берүү үчүн жеке ишкер «У.Мден» 300 миң сом пара талап кылган», ― деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, «Ж.А.» «пара алып жаткан жеринен» кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Бул УКМК «мекемелердин коррупциялашкандыгы боюнча өз рейтингин» жарыялаган Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнөн бир апта өткөн соң болууда ― анда Мамлекеттик салык кызматы 4-сапка жазылган болчу.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2015-жылы Салык кызматынын чиновниктерине каршы 25 кылмыш ишин козгогон, бул 2014-жылга караганда тогуз кылмыш ишине көп.

Сүрөт иллюстрациялык мүнөзгө ээ.