УКМК мамлекеттик мүлктү «мыйзамсыз» сатып, андан түшкөн акчага «зыяндуу буудай» сатып алгандыгы үчүн «Дан» мамлекеттик ишканасынын директорун камакка алды.

17-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы «Дан» мамлекеттик ишканасынын башчысы «В.Н.» кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мекеменин тергөө абагына камалганын билдирди.

Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, ал «Данга» тиешелүү болгон мүлктү «мыйзамсыз» сатып, андан түшкөн акчага 29 тоннадан ашык «кара көсөө» оорусу менен жабыркаган буудай сатып алган деп айыпталууда.

УКМКдан билдиришкендей, Айыл чарба министрлигинин алдындагы Буудай экспертиза борбору сатылып алынган буудайдан «зыяндуу аралашма» тапкандан кийин ишкана жетекчилигине буудайды кайра сатып алган жерине өткөрүп берүү тапшырмасы берилген.

«Бирок «В.Н.» ал жазма буйрукту көңүл сыртында калтырган, андан улам зыяндуу буудай азык-түлүк даярдоого пайдаланылышы мүмкүн болчу», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Мекеменин басма сөз кызматынан мамлекетке келтирилген зыян 2,3 млн. сомду түзгөнүн кошумчалашты.

Ага «ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же коротуу» жана «коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы» айыптары тагылды.

«Дан» мамлекеттик ишканасынын башчысына каршы кылмыш иши 2015-жылдын сентябрынын аягында козголгон.

Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, анда келтирилген зыяндын суммасы дээрлик 440 миң сомду түзгөн.

«Дан» мамлекеттик ишканасы буудай сатып алуу, ун, ундан жасалган азыктарды жана макарондорду өндүрүү менен алектенет.

Сүрөттө «Дан» ишканасынын цехтеринин бири.