Бириккен Улуттар Уюмунун кийинки баш катчысын тандоого уюмдун бардык 193 мүчөсү тең катышат, деп билдирди Башкы Ассамблеянын 70-сессиясында төрага Моргенс Люккетофт.

Люккетофт мындай билдирүүсүн 16-декабрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында журналисттер менен жолугушуу маалында жасады.

«Ушул жуманын шейшемби күнү [15-декабрда] Коопсуздук кеңешинин төрагасы менен ал [Моргенс Люккетофт] БУУга мүчө бардык өлкөлөргө БУУнун кийинки башкы катчылыгына талапкер көрсөтүү процессинин расмий түрдө башталгандыгы тууралуу жазылган кат жөнөттү», — деп жазылган уюмудун сайтында.

БУУнун уставына ылайык, уюмдун баш катчысы Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча Башкы Ассамблея тарабынан дайындалат. Уюмдун пресс-релизинде 2015-жылга чейин ал процесс «дээрлик жабык өтүп, Коопсуздук кеңешинин дайымкы беш мүчөсүнүн толук карамагына берилип келгендиги» жазылган.

«Люккетофт келечектеги баш катчыны тандоодо башкы роль мурдагыдай эле Коопсуздук кеңешинин дайымкы мүчөлөрүндө каларын кошумчалады. Кеңеш талапкерди Башкы Ассамблеянын бекитүүсүнө көрсөтөт. Бирок ал талапкер эми «күмөндүү болбойт», — деп жазылган БУУнун билдирүүсүндө.

Бардык мамлекеттерге бул кызматка «эркектер менен катар эле аялдарды да» көрсөтүү тууралуу «маселени карап чыгуу» сунушталды.

Өлкө тарабынан көрсөтүлгөн талапкер 2016-жылдын июлуна чейин уюмдун бардык мүчө өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрө алат — 2016-жылдын июлунда Коргоо кеңешинде баш катчылыкка талапкерлерди кароо башталат.

Коопсуздук кеңеши — БУУнун дайымкы органы, уюмдун уставындагы 24-беренеге ылайык, ал эл аралык тынчтык менен коопсуздукту камсыз кылып туруусу керек.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде беш туруктуу мүчөсү — Кытай, АКШ, Орусия, Улуу Британия жана Франция — жана эки жылдык мөөнөткө шайлана турган 10 туруктуу эмес мүчөсү бар.

«БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы жаңы процессте БУУнун бардык мүчөлөрү уюмдун тарыхында биринчи жолу кийинки баш катчылыкка талапкерлерди талкуулоого толук катыш ала тургандыктары каралганын белгиледи», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Жаңы баш катчы 2017-жылдын 1-январына чейин шайланышы керек — ал аталган кызматта 2007-жылдан бери иштеп келе жаткан Пан Ги Мундун ордуна барат.

Люккетофт баш катчылыкка талапкер катары эки кишинин ысымын атады — Башкы Ассамблеянын Македониядан мурдагы төрагасы Срджан Керим менен Хорватиянын тышкы иштер министри Весна Пусич.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бириккен Улуттар Уюму — Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин 1945-жылы түзүлгөн универсалдуу эл аралык уюм.

Уюмдун башкы максаты — эл аралык тынчтык менен коопсуздукту колдоо.

БУУнун башкы катчысы — ар беш жыл сайын шайлана турган уюмдун башкы аткаруучу адамы. Ал кызматка бир киши эки гана жолу шайлана алат.