Экономика министри Арзыбек Кожошев Борбордук Азия — Кытай газ куурунун Кыргызстандын аймагы аркылуу өтчү болүгүнүн курулуш баасы 1,2 миллиард АКШ долларын түзөрүн билдирди. Буга чейин өкмөттөн курулуштун баасы 1,5 млрд. доллар болорун айтышкан.

Борбордук Азия — Кытай газ куурунун кыргыз бөлүгүнүн курулушу тууралуу келишимге Кыргызстандын өкмөтү менен «Транс-Кыргыз газ Пайплайн Компани Лимитед» компаниясынын ортосунда 16-декабрда кол коюлду.

17-декабрда экономика министри Арзыбек Кожошев журналисттерге курган маегинде курулуштун баасы 1,2 млрд. АКШ долларын түзөрүн билдирди.

«Долбоорду толугу менен кытай компаниясы каржылайт, суммасы $1,2-1,4 млрд. түзөт. Бизде андай жабдуулар жок жана инженерлер Кытай тараптан болот деп болжолдонууда. Ошондой эле ага биздин кызматкерлер да тартылышат», — деп жазды «Тазабек» маалымат агенттиги экономика министринин орун басары Айбек Калиевдин айткандарын.

Газ куурунун кыргыз бөлүгүнүн жалпы узундугу — 224 чакырым. Ал Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймактары аркылуу өтөт.

«Кытай долбоорду өз убагында куруп бүткөрө тургандыгын жана ал бардык экологиялык жана техникалык нормаларга дал келет деп кепилдик берүүдө. Алар кыргыз мыйзамын аткарып, жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн транзиттик акча төлөп берүүгө милдеттүү», — деп кошумчалады Калиев.

Газ Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт, бирок азырынча долбоор боюнча кыргыз тарап ал куурдан көгүлтүр отун албайт. Газдын транзити үчүн Кыргызстан 35 жылдын ичинде 2 млрд. АКШ долларын алат.

«Кыргыз тарап жер тилкелерин бөлүп берүү жана аларды трансформациялоо боюнча милдеттемелерди өзүнө алат», — деп билдирди экономика министринин орун басары.

Газ куурун куруу тууралуу жаңы келишимге 16-декабрда, Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариевдин Кытайга болгон сапары маалында кол коюлган. Бул долбоор боюнча биринчи келишимге тараптар 2013-жылы эле кол коюшкан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 17-декабрь күнү эртең менен курулуш долбоорун 1,5 млрд. долларга баалап жаткан болчу.

Борбордук Азия — Кытай газ куурун 2006-жылы куруп башташкан. Учурда анын үч тармагы курулуп бүткөн. Төртүнчү тармагы — D — тажик жана өзбек өкмөттөрү менен келишим түзүлгөн 2014-жылдын сентябрында курулуп башталган.

D тармагынын узундугу 1000 чакырымды түзөт. Анын курулушун аяктоо менен CNPC кытай корпорациясы Түркмөнстандан келген газдын жылына 85 млрд. куб метрге көбөйүшүн күтүүдө

Ал «Галкыныш» түркмөн газ кенинен башталып Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын аймактары аркылуу өтүп Кытайга жетет.

«Борбордук Азия — Кытай газ куурунун D тармагы пайдаланууга берилгенден кийин Борбордук Азиядан Кытайга газ берүү жылына 85 миллиард куб метрге жетет. Борбордук Азия — Кытай газ кууру Борбордук Азиядагы газ берүүчү эң масштабдуу система болуп калат», — деп жазылган CNPC сайтында.