Башкы прокуратура автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо үчүн «мыйзамсыз» төлөмдөрдүн алынышы фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул иш менен жеке компания Бишкектин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору менен биргеликте алектенген.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу билдирүүсүн 18-декабрда таратты.
Кылмыш иши «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «өзүмбилемдик» беренелери боюнча козголгон.
Башкы прокуратурадан Бишкектин Жол кайгуул кызматы «Транспорт каражаттарын эвакуация кылуу боюнча «Аргымак» кызматы» менен сынак өткөрбөстөн эле келишим түзгөнүн билдиришти.
«2015-жылдын 18-сентябрында жогоруда айтылган келишим бузулган, бирок ага карабастан Жол кайгуул кызматынын инспекторлору транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо ишине «А.» компаниясын катыштыра берген. Өз кезегинде компания көрсөткөн кызматы үчүн эвакуацияланган унаалардын ээлеринен төлөм алып турган», — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.
Бишкектин Жол кайгуул кызматы жеке компания менен болгон келишимдин бузулгандыгы тууралуу 26-ноябрда гана — Башкы прокуратура бул факты боюнча териштирүү иштерин баштагандан эки күндөн кийин билдирген.
Жеке компаниянын эвакуациясы
Жеке компаниялар туура эмес жерлерге токтотулган автоунааларды эвакуациялап баштагандыгы тууралуу алгачкы билдирүүлөр 2015-жылдын жаз айларында пайда боло баштаган.
Унааларды эвакуациялоо менен «Транспорт каражаттарын эвакуациялоо боюнча «Аргымак» кызматы» деген компания алектенип, автоунааларды өзүнүн айып унаа токтотуу жайына алып барып турган.
Автоунаа ээлери өз транспорт каражаттарын алып кетүү үчүн ЖККга 1000 сом өлчөмүндөгү айып жана эвакуация менен унаа токтотуу жай үчүн жеке компанияга 1500-2000 сом төлөөгө мажбур болуп келишкен.
Жеке компанияга өзүнчө акча төлөө бишкектик автосүйүүчүлөрдүн нааразычылыгын жараткан. Активист Айбек Баратов кыргыз мыйзамдарында унаа каражатынын эвакуациясынын чыгымдарын төлөп берүү тууралуу ченем бар экенин, бирок ал деталдаштырылбаганын, кимге жана канча төлөө керектиги түшүнүксүз экенин билдирген болчу.
«Мамлекеттик органдардын кандай гана ишмердүүлүгү болбосун ал укуктук-нормативдик актылар менен тартипке салынып турушу керек. Бирок өкмөттүк деңгээлде кабыл алынышы керек болгон автоунааларды эвакуациялоонун тартиптери тууралуу негиз болуучу жобо жок. Азыр эвакуация ЖКК менен «Аргымак» компаниясынын ортосундагы келишимдин негизинде жүрүп жатат, бирок ал келишим мага, башка жарандарга таасирин тийгизип, тиешелүү болбошу керек», — деп билдирген ал «Азаттык» радиосуна курган маегинде.
ЖКК менен аталган компаниянын ортосундагы келишимге юридикалык тарап каттоодон өткөндөн кийинки эле күнү кол коюлган. Бул өз кезегинде активисттер менен бир катар ЖМКлардын шектенүүлөрүн жараткан.
Баратов ЖКК менен «Аргымактын» ортосунда коррупциялык схеманын бар болушу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.
Бишкек ЖККсынын башчысынын орун басары Нурбек Молдогазиев «Азаттыкка» берген маегинде ал компаниянын негиздөөчүсү менен жеке тааныш экенин мойнуна алып, бирок бул алардын бизнес менен алектенүүсүнө тоскоолдук кылбашы керектигин билдирген.
26-ноябрда ЖКК «Аргымак» менен түзүлгөн келишимди бузган — мекеменин басма сөз катчысы Атыра Бекмырзаеванын айтымында, ага «эреже бузгандар тарабынан даттануулардын көбөйгөндүгү» себеп болгон.
«Эреже бузгандардын көбү эвакуация боюнча кызматтын өзү үчүн төлөм алынып жатканына даттанып жатышат — көпчүлүк учурларда айдоочулар буга макул эмес. Алар каршы. Буга байланыштуу ЖКК келишимди бузду», — деп билдирген анда ал.
Бекмурзаева эвакуатор бизнеси «бекер иштөөгө макул эмес» экенин, эми «көчөлөрдү өз күчү менен тазалоого аракет кыларын» кошумчалаган.
Сүрөт: vb.kg.