Темир Сариев өкмөт кыргызстандыктардын шаан-шөкөттүү салтанаттарга сарптаган чыгымдарын чектөө үчүн документ иштеп чыгып жатканын билдирди. Анын пикиринде, той-аштарга сарпталган каражаттарды үнөмдөп, аларды «балдарга жумшоого» болот.

Премьер-министр Сариев 18-декабрь күнү эрте жаштагы балдардын саламаттыгы жана балдарга көмөк көрсөтүүнүн комплекстүү тутумун өнүктүрүүгө арналган жыйында кыргызстандыктардын той-аштарга сарптаган чыгымдарына чектөө киргизүү боюнча документтин иштелип жаткандыгы тууралуу билдирди.

Өкмөттүн укуктук камсыздоо бөлүмүндөгү иштелип жаткан документ тууралуу 11-декабрда белгилүү болгон.

«Биздин көптөгөн жарандарыбыз күнүгө же жумасына бир-эки жолу тойго барып, 2-5 миң сомго дейре чыгым коротот. Бирок балдарга билим берүү жана ден соолугуна кам көрүүгө келгенде акча аяп калышат. Ошол эле учурда 2,5 миң сомдук сапаттуу мектеп формасын сатып алуу, же болбосо, ысык тамактандырууга 500 сомдон каражат төлөө кымбат деп эсептешет. Биз мындай баалуулуктарды өзгөртүшүбүз керек», — деп жазды өкмөттүн басма сөз кызматы Сариевдин айткандарын.

Анын айтымында, кыргызстандыктар тойго бир жолу баргандын ордуна балдарынын татыктуу билим алышына акча үнөмдөсө пайдасы кыйла чоң болмок.

«Эгер биз буга жетишсек, анда абал түп-тамырынан өзгөрөт. Акча бар. Болгону аларды туура багыттоону билүү керек», — деп эсептейт өкмөт башчысы.

Той-аштарга кеткен миллиарддар

Темир Сариев — кыргызстандыктардын той-аштарга сарптаган чыгымдарын кыскартуу зарылдыгы тууралуу билдирген өкмөттөгү экинчи чиновник. Министрлер кабинетинин 8-декабрдагы жыйынында вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жарандардын шаан-шөкөттүү салтанаттарга жумшаган чыгымдарын чектеши мүмкүн болгон документтин даярдалып жаткандыгын билдирген.

Анын айтымында, кыргызстандыктар түрдүү той-аштарды өткөрүүгө жыл сайын бир нече миллиард сом коротушат.

«Орто жашаган бир үй-бүлөнүн орточо тоюна болжол менен 1,5 млн. сом кетет. Ал акчалар ошол эле орто жашаган үй-бүлөнүн бир нече жылдык керектөө чыгымдарын жапмак. Адамдар жогорку пайыздар менен насыя алып үй-бүлөлүк салтанаттарды жана башка ойдон чыгарылган майрамдарды өткөрүп жатышат», — деп билдирген анда ал.

Ал премьер-министр Сариев «жарандардын көбүн түйшүк тарттырган» салтанаттарды көзөмөлдөөгө мүмкүн боло турган, элге керектүү чараларды көрүүнү тапшыргандыгын айткан.

«Көбүнчө мамлекеттик кызматкердин жөнөкөй эле айлыгын алган, деклорация толтурганда анчалык көп эмес кирешесин көрсөткөн чиновниктер шаан-шөкөттүү тойлорду, мааракелерди жана башка салтанаттарды өткөрүшөт», — деп билдирген Кудайбердиева.

«Чыгымдарга жакшылап ойлонуп мамиле кылуу»

Өкмөт калктын той-аштардагы ашыкча ысырапкорчулугу маселесин биринчи жолу көтөрбөй эле — 2013-жылдын октябрында ал кездеги вице-премьер-министр Камила Талиева жарандарды чыгымдарга «жакшылап ойлонуп» мамиле кылууга чакырган.

«Өкмөт той-аштардын өткөрүлүшүнө каршы эмес, бирок биз акчанын сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланылышын каалап жатабыз», — деп билдирген анда Талиева.

Анын айтымында, кыргызстандыктар той-аштарга жыл сайын 2 миллиард АКШ долларынан ашык акча кетирет. Анда ал бул боюнча калктын пикирин билип, изилдеп чыга турган атайын комиссия түзүүнү тапшырган, бирок ал атайын комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу эч кандай маалымат жок.

«Азаттык» радиосу 2013-жылдын ноябрында Кыргызстанда насыяга той өткөрүү «каадага айланганы» тууралуу билдирген. Анда ресторандар той-аш үчүн учурунда төлөй албагандардын салтанаттарын карызга өткөрүп берип жаткандыктары айтылган.

«Бизге ар кандай адамдар келет. Айрымдар азыр акчам жок, бирок «душман көзүнө» шашылыш той же аш өткөрүш керек дешет. Биз алардын шартын карап, келишим түзөбүз. Эми бул бизге да, аларга да ыңгайлуу […]карызга өткөргөндө келишимге жараша эки ай болобу, же жарым жыл болобу бөлүп-бөлүп отуруп кутулушат. Ишкердик деген кардардын талабына ыңгайлашуусу керек. Карызга той өткөргөндөргө үстөк пайыз кошулбайт», — деп билдирген анда «Дасмия» ресторан комплексинин негиздөөчүсү жана ээси Турусбек Мамашев.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мурдагы башчысы Султан Жумагулов 2012-жылдын ноябрында расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын калкынын 34 пайызы жакырчылыктын чегинде жашап, дагы тогуз пайызы жумушсуз экенине карабастан «аш-тойдон калган бир кыргыз жок» экенин жазган.

«Былтыр оой-ууй 600 кишилик тойкана деп таңдайыбызды так эттирчү элек, быйыл 800, миң кишилик тойканалар пайда болду – Toystreet, Toytown, Toyсity. Америкада бир кезде жалаң арстан баласы байырдаган прерияда City жаралган сыңары эле бир кезде жалаң мал-кой айдаган айдыңдарда Тойканалар калаасы көтөрүлүп жатат. Бир чети Өкмөткө да жакшы болду – элдер митингге эмес, аш-тойлорго ооп кетишти…», — деп жазган анда Жумагулов.

Тажикстан менен Өзбекстандын тажрыйбасы

Коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстанда көп акча сарпталган той-аштарды өткөрүүгө киргизилген чектөөлөр бир канча жылдан бери иштеп келе жатат.

2012-жылдын апрелинде өзбек бийлиги калк үчүн төмөндөгүдөй чектөөлөрдү киргизген:

• меймандардын саны 200 кишиден ашпашы керек;
• иш-чаралар 22:30га чейин аякташы керек;
• салтанаттарды өткөрүүгө уруксат берилген ресторандар менен кафелердин чектелген тизмеси;
• жаран жергиликтүү бийлик менен милицияга салтанаттын өткөрүлө тургандыгы жөнүндө билдирип, меймандардын тизмелерин бериши керек.

Тажикстанда шаан-шөкөттүү той-аштарды өткөрүүгө кетчү чыгымдарды чектөө тууралуу мыйзам 2007-жылы кабыл алынган.

Документке ылайык, жарандар той-аштарды өткөрүүгө бийликтен уруксат алышы керек, меймандардын саны 150 кишиден ашпашы керек, а кортежде (эгер ал үйлөнүү той болсо) төрттөн ашык унаа болбошу керек.

Мыйзам калк арасында көптөгөн нааразычылыктарды жараткан, анткени анын аткарылышын көзөмөлдөгөн инспекторлор анын колдонулушун өзүлөрү каалагандай интерпретациялашкан.

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун 2014-жылдын октябрындагы репортажында инспекторлор той-аштарга барышып, ойдон чыгарылган мыйзам бузуулар үчүн 800 АКШ долларына чейин айып жазып кете ала тургандыктары айтылган.

Калктын нааразычылыгынын жаралышына ал мыйзамдын колунда бар жарандар үчүн иштебей, алар үй-бүлөлүк салтанаттарга нөкөй жарандардан кыйла көп акча» коротуп жаткандыктары да себеп болгон.