Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы №31 абактын аймагында өмүр бою эркинен ажыратылгандардын кургак учук менен ооругандары кармала турган атайын имараттын курулушун аяктады.

Мекеменин маалыматы боюнча, корпус 55 адамга эсептелип курулган — ар бир камерада экиден адам жайгашып, жаза өтөө менен бирге дарыланып да турушат.

P1240999

Ар бир камерада өзүнчө санитардык түйүн, эс алуу бөлмөсү, жылуулук жана ысык суусу бар. Сыртында камактагылардын сейилдөөсү үчүн аллеялар менен короолор жайгашкан. Аларга атайын кичи көпүрөлөрдөн абактын кызматкерлери көз салып турушат.

P1240994

P1250004

Камактагылар күн сайын реабилитация курсун алуу үчүн медициналык пунктка келишет. Андагылардын көбү баңгизатына көз карандуулук менен жабыркашат.

P1250016

Ошондой эле абактын кызматкерлери жана атайын кызматтар камактагылар менен профилактикалык иштерди жүргүзүшөт.

P1240996

Ошентип, кургак учук менен ооругандар башка камактагылар менен бир имаратта кармалышпайт.

P1250007

Азырынча ЖАМКнын жетекчилиги ооругандар жаңы имаратка качан которуларын тактап айтып бере алган жок.

Жаңы имарат үч бөлүктөн турат: биринчисинде (оңдо) кургак учуктун баштапкы стадиясы менен ооругандар, экинчисинде (солдо) — ортоңку стадиясы менен ооругандар кармалышат. Абактын жетекчилиги анын үчүнчү бөлүгүн сүрөткө тартууга уруксат берген жок — анда катуу оорулуулар бар.

P1250019

Катаал режимдеги №31 түзөтүү абагы 2010-жылдын 3-мартында Чүй облусунун Молдовановка айылында ачылган. Ал кургак учук менен ооруган камактагы адамдар үчүн курулган.

Автор: Алтынай Курманалиева