2016-жылы «Кумтөр» ишканасы алтын казуусун улантышы үчүн парламент стратегиялык маанидеги ишканалардын мөңгүлөрдө иштөөсүнө уруксат бериши керек. Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо 21-декабрда башталат.

«Кумтөр кенин мындан ары иштетүү боюнча тиешелүү документтер Кыргызстандын бийлигине берилди жана учурда өкмөт менен парламенттин чечимин күтүп жатабыз», — деп билдиришти «Кумтөрдөн» Kloop.kgге.

«Кумтөрдүн» Давыдов мөңгүсүндө иштөөсүнө уруксат берүүнү сунуштаган Суу кодексиндеги өзгөртүүлөр 2015-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынышы керек, антпесе ишкана кендеги казуу иштерин токтотушу мүмкүн.

Өкмөттүн, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү жана парламент депутаттары бул маселени Жогорку Кеңештин агрардык маселелер боюнча комитетинин 21-декабрдагы жыйынында карашат.

Суу кодексинин учурдагы редакциясына ылайык, ишканалардын көмүр, оттун күлү, май жана башка заттарды пайдалануу менен мөңгүлөрдүн ээришин тездеткен ишмердүүлүктөрүнө тыюу салынат.

Тоо-металлургиялык профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажыбаев Kloop.kgге курган маегинде бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу «өтө зарыл» экенин айтты.

«Азыр бул [мөңүлөрдө алтын казуу] аймактары мөңгүлөр менен чектешкен компаниялардын ишмердүүлүктөрүнө каршы болууда. Бул Суу кодексинин 62-беренесине каршы келет. Демек алар мыйзамсыз иштеп аткан болуп калууда. Өкмөт убактылуу уруксат берип жатат, бирок кандай болгон күндө да дайыма андай кылууга болбойт. Тактап айтканда, дайыма эле убактылуу уруксат бере берүү ― бул туура эмес», ― деп эсептейт ал.

Анын айтымында, эгер «Кумтөр» иштебей калса Кыргызстан бюджетке 6 млрд. сом албай калат жана 3,5 миң жумушчу жумушсуз калышы мүмкүн.

«Эгер Кумтөрдөгү өндүрүштү азыр токтотсо, анда Давыдов мөңгүсү карьерге жылмышып түшөт да кийинки иштетүүлөр пайдасыз болот», ― деп билдирди Тажыбаев.

Иштөөгө уруксат

Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин парламенттин V чакырылышы 2015-жылдын 25-июнунда карап баштаган.

Ал кездеги айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев өзгөртүүлөргө ылайык, «стратегиялык маанидеги» ишканалардын мөңгүлөрдө иштөөсүнө милдеттүү шарттар менен (кенди иштетүү аймагына кирген мөңгүлөр массасын башка жерге которуу зарылдыгы) уруксат берилерин айткан.

Анда «Ата-Журт» фракциясынын мурдагы депутаты Улугбек Кочкоров өзгөртүүлөр «бир гана компаниянын кызыкчылыгы үчүн киргизилип жатканын» айтып, ага каршы болгон.

«Бул өзгөртүүлөр компанияларга алтынды жер алдында эмес, а ачык жол менен казып алууга уруксат берет», ― деп билдирген анда Кочкоров. Өкмөт өкүлдөрү болсо алтынды жер алдында иштетүү «пайдасыз» экенин айтышкан.

«Ата Мекенден» депутат Жоомарт Сапарбаев алтынды жер алдында иштетүү ыкмасы «бүткүл дүйнөдө» пайдаланыларын, андыктан өкмөт долбоордун пайдасыз экендиги тууралуу айта албастыгын билдирген.

«Дүйнөдөгү таза суунун жетишсиз экенин эске алуу менен Кыргызстан мөңгүлөрүн сактап калышы керек, бул маанилүү», ― деген анда Сапарбаев.

Жыйынтыгында депутаттар Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгууга жөнөтүшкөн, а өкмөт кендеги ишин улантышы үчүн «Кумтөргө» убактылуу, алты айга уруксат берген.

«Кумтөр» Кыргызстандагы ири алтын өндүрүү компаниясы болуп эсептелет. Анын 100 пайызы канадалык «Центерра» корпорациясына таандык. Кыргыз өкмөтү «Кыргызалтын» мамлекеттик компаниясы аркылуу «Центерранын» 33 пайызына ээ.

Автор: Айдана Канатбек
Сүрөт «Кумтөрдүн» расмий сайтынан алынды.