Коомчулук менен бюджеттик угуу маалында айрым депутаттар тарабынан айтылган кескин сындардан кийин Каржы министрлиги 228 миң сомго эки планшет компьютерин жана 284 миң сомго 10 кресло сатып алуу үчүн жарыяланган тендерди токтотту.

Тендердин токтотулгандыгы тууралуу жарыя 21-декабрь күнү — Кыргызстандын өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар порталында билдирме пайда болгондон 10 күн өткөндөн кийин пайда болду.

Каржы министрлиги креслолор менен планшеттик компьтерлерди сатып алуудан баш тарткандыгынын себептерин түшүндүргөн жок. Тендердин токтотулушу ыктымалдыгы тууралуу мекеменин башчысы Адылбек Касымалиев 16-декабрда, парламентте бюджет талкууланып жаткан маалда билдирген.

«ЖМКларда эки күндөн бери тендерди талкуулап жатышат. Биз эки планшет сатып алсакпы дегенбиз. Биздин кызматкерлер жолугушууларга барганда, өзгөчө эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканда кагаздын ордуна эки планшет алып жүрүү жакшы көрүнөт. Андай болгондо концелярдык товарларга кеткен чыгымдар кыскарат. Азыр менин жанымда кагаздар салынган 10 папка бар, бирок бардык маалыматтарды гаджетте сактоо ыңгайлуураак. Мен дагы көрөм, балким тендерди токтотобуз», — деп билдирген анда ал.

Тендер социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жана айрым депутаттар тарабынан, ошондой эле жергиликтүү ЖМКларда талкууланып баштагандан бир аптадан кийин токтотулууда.

Коомчулуктун кескин сынына планшеттердин баасы себеп болгон — эки планшетти сатып алууга каралган жалпы сумма базар баасынан дээрлик 30 миң сом ашык болгон.

Эң кымбат планшет компьютери — 128 гигабайттык эс тутумдуу жана мобилдик байланышты пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар iPad Pro — жергиликтүү базарда 92 миң сомдон бир аз ашыгыраак турат.

Жогорудагы планшетти чыгарган Apple компаниясынын расмий сайтына көз чаптырсак, аксессуарлары менен (iPencil стилус жана өзүнчө Smart Keyboard клавиатурасы) анын баасы 100 миң сомдон азыраак.

«Мамлекеттик карыздын деңгээли чегине жетип калганы баарына белгилүү, өлкөнүн сырткы карызы $3 млрд. ашык. А Каржы министрилиги чыгымдарды азайтуунун ордуна кресло менен планшет сатып алууну пландап жатат. Министрликти учур чындыгында жашоого чакырат элем», — деп билдирген анда «Ата Мекен» фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова.

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков Каржы министрлиги «эгер корксо» жана гаджеттердин зарыл экендигинен шек санабаса, анда планшеттерди сатып алуудан баш тартышы керектигин билдирген.

Каржы министрлигине компьютердик планшеттерди сатып алууга байланышкан талаш-тартыш 2015-жылдагы алгачкысы эмес — буга чейин депутаттар Транспорт жана байланыш министрлигин 11 млн. долларлык «ысырапкорчулукка» айыптаган. Ал сумманын 500 миң доллары Айыл чарба министрлигине 1000 планшет сатып алууга жумшалган.

16-декабрда транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев мекеме планшеттерден сырткары дагы 17 түрдөгү продукция алганын билдирген. Андан сырткары ал министрликте кызматтык териштирүү жүрүп, ал факты боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалаган.