Экономика министрлиги кыргыз аба майдандарынын аймагына оюн автоматтары жана казинолору бар борборлорду курууну сунуштоодо. Ага чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө гана уруксат берилет.

Экономика министрлигинин мыйзам долбоору коомдук талкууга 18-декабрда коюлган — документ кыргыз аба майдандарынын жанына чет өлкөлүктөр казино ойной турган атайын аймактарды түзүүнү сунуштайт.

Кыргызстандын аймагында кумарканаларды иштетүүгө 2012-жылы тыюу салынган.

Андай аймактарды түзүүнүн себептери — өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туристтик тармагын өнүктүрүү жана экономикага инвестицияларды тартуу.

Андай оюн аймактары Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында түзүлүп, анда өзгөчө валюталык режим иштейт — чет өлкөлүк валюталар эркин колдонууда болот.

Ал аймактар расмий түрдө «Өз ичине оюн-зоок комплекстерин камтыган атайын эл аралык соода-көргөзмө борборлору» деп аталат.

Ал комплекстерге чет өлкөлүктөр гана кире алышат, Кыргызстандын жарандарынын кирүүсүнө тыюу салынат. Мыйзам долбооруна ылайык, казино акционердик коом формасындагы компания тарабынан башкарылат.

Борбордун ичинде 20дан кем эмес оюн үстөлдөрү жана 50 оюн автоматтары болушу керек. Ар бир үстөлдөн 700 миң сом, а ар бир автоматтан 50 миң сомдон салык алынат.

Эсептөө ыкмасы менен мамлекет оюн борборлорунан жылына кеминде 594 млн. сом алууну пландап жатканын аныктоого болот.