Кыргызстандын бийлиги «Кумтөр» ишканасына ээлик кылган канадалык «Центерра» компаниясы менен 4,6 млн. жаңы акция чыгарууга каршы болду.

«Кыргызалтын» мамлекеттик компаниясынын басма сөз кызматы 22-декабрда билдирүү таратып, анда канадалык «Центерра Голд Инк» корпорациясын Торонтодогу биржада кошумча 4,6 млн. акцияны максатка ылайык эмес чыгарууга айыптаган.

«Центерра Голд» «Кумтөр» алтын өндүрүү ишканасынын 100 пайызына ээлик кылат, а Кыргызстан «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу канадалык компаниянын 32,7 пайызына ээ.

Кыргыз мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, акцияларды чыгаруу чечими «Центерранын» директорлор кеңешинин 2015-жылдын 17-декабрындагы кезексиз жыйынында кабыл алынган.

«Кыргызалтындан» кошумча акциялар чыгарылгандан кийин Кыргызстан өз үлүшүнүн 0,6 пайызын жоготуп, ал акционерлердин, анын ичинде кыргыз тараптын да «кызыкчылыктарына каршы келиши» мүмкүндүгүнө ишендиришүүдө.

Мамлекеттик ишкананын басма сөз кызматы канадалык корпорациянын эсебинде 530 млн. АКШ долларынан көп акча бар болгондуктан, жаңы акцияларды чыгаруу «негизсиз» экенин билдирүүдө.

«Мунун негизинде «Кыргызалтын» ААКсы кошумча акцияларды чыгаруу менен кошумча каражат тартуунун зарылдыгын көрбөй эле жана ал чечимди ансыз деле тараптар ортосундагы жеңил эмес сүйлөшүү процессин оорлоткон көрөгөчсүз чечим катары баалайт», — деп жазылган «Кыргызалтындын» билдирүүсүндө.

2012-жылдан тарта Кыргызалтын «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү боюнча «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылып келет.

Кыргыз мамкомпаниясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, өкмөт жаңы акцияларды чыгаруу чечиминин жокко чыгарылышына жетишүү ниетинде.

Азырынча «Центерра» компаниясынын басма сөз кызматы Kloop.kgнин сурамына жооп бере элек.

Кыргызстандын үлүшүнүн кыскарышы

Бул жаңы акциялар чыгарылгандан кийин Кыргызстандын үлүшү азайган биринчи учур эмес.

«Кумтөр» боюнча жаңы келишимге кол коюлгандан бир жылдан кийин, 2004-жылы Кыргызстандын ансыз деле 67 пайыздан 33 пайызга чейин кыскарган үлүшү акцияларды (IPO) биринчи жайгаштыруунун жүрүшүндө 15, 66 пайызга азайган.

2013-жылдын башында кыргыз өкмөтү тарабынан жалданган Израилдин «Мушкат» жана «Барлев» деген эки юридикалык компаниясынын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жарыяланган отчетто IPOну «Кыргызстан үчүн пайдасыз» деп аташкан.

«Мамлекеттик комиссия «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү боюнча мындай пайдасыз келишимдерди түзүү ошол кезде Кыргыз Республикасын башкарып тургандардын керт башын ойлогон жеке кызыкчылыктарына байланыштуу деп божомолдоодо», — деп жазылган ал отчетто.

Автор: Александра Капушенко.
Сүрөт: stanradar.com