Кытай — Кыргызстан темир жолунун курулушу 2016-жылы башталат, деп убадалады премьер-министр Темир Сариев. Анын айтымында, дагы деле келечектеги темир жолдун колеяларынын жазылыгындагы айырмачылык талаш-тартыш жаратууда.

Сариев «Биринчи радиодогу» ар апталык эфиринде Кытайга болгон сапары жана кытай бийлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстан — Кытай темир жолунун курулуш долбоору кытай тарап менен макулдашылууда.

«Анын ичинде темир жолдун колеяларынын жазылыгындагы айырмачылыктар маселеси чечилүүдө», — деп жазды Сариевдин айткандарын анын басма сөз кызматы.

Ал темир жол андан ары Өзбекстанга кетээрин билдирди — буга чейин Кытай менен Кыргызстан бийликтери жолду Тажикстан аркылуу өткөрүү пландалган альтернативдүү вариантты карашкан.

«Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун салып алсак, биз деңизге чыгууга мүмкүндүк алабыз. […] Темир жолдун курулушу экономиканын өсүүсүнө түрткү берет. Андан сырткары бул долбоордун алкагында тиешелүү инфраструктуралык объектилерди куруу пландалууда», — деди премьер-министр.

Сариев темир жол курулуп бүткөндөн кийин Кыргызстан аркылуу жылына 15-20 млн. тоннага чейин жүк ташыла тургандыгын кошумчалады.

Ал курулуш иштерин 2016-жылы баштоо пландалып жатканын билдирди.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев темир жолдун курулушунун башталыш мөөнөтү 2015-жылдын декабрынын ортосунда, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда келишимге кол коюлгандан кийин белгилүү болорун айткан.

20 жылдан бери талкууланып келе жаткан долбоор

Кытайдан Кыргызстанга чейин келип, андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу өтүп Европа менен бириктире турган темир жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик 20 жылдан бери жүрүп келет.

2002-жылы Кытай 268 чакырымга созулуп, Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жолдун биринчи долбоорун сунуштаган.

10 жылдан кийин кыргыз бийлиги темир жолдун узундугу 380 чакырымды түзгөн техникалык-экономикалык негиздеменин өз версиясын сунуштаган. Кыргыз долбоорун иштеп чыккандардын айтымдарында, жол «тоону айланып өтөт» ошондуктан туннелдердин саны аз болуп, анын курулуш баасы да арзан болот.

2013-жылы Кытай темир жолдун жаңы техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыккан, бирок аны менен кыргыз өкмөтү макул болгон эмес.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып бүттү. Бирок биз колубузга тийген жыйынтыктар менен макул эмеспиз, бүгүнкү күндө баасы өсүп кеткендигине байланыштуу ал оңдолууда», — деп билдирген анда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

Темир жолдун курулушунун башкы көйгөйү болуп колеялардын жазылыгындагы айырмачылыктар эсептелет — Кытай 1435 милиметрди түзгөн эл аралык стандартты пайдаланат, а Кыргызстан жазылыгы 1520 милиметр болгон советтик стандартты пайдаланат.

Кыргызстандын Транспорт министрлиги 2015-жылы темир жолдун курулушу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жандандырып, анын техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу башталган. Тараптар жолдун Кыргызстан аркылуу өтө турган бөлүгүн курууда советтик стандартты пайдалануу боюнча болжолдуу түрдө макулдашышкан.

Анда «Кыргыз темир жолунан» кыргыз-кытай темир жолунун курулушу менен бир эле маалда өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктире турган темир жолдун курулушу башталышы мүмкүндүгүн билдиришкен — болжол менен ал темир жол учурда курулуп жаткан унаа жолунун маршруту боюнча өтүшү керек.

2015-жылдын ноябрынын аягында Кытай темир жол корпорациясынын башкы инженери Хе Хуаю Кытайдан Иранга чейин кете турган жогорку ылдамдыктагы темир жолдун долбоору менен тааныштырган.

China Daily гезити билдиргендей, ал темир жол төмөнкү маршрут боюнча кетиши керек болот: Үрүмчү жана Инин (Кулжа) — Алматы — Бишкек — Ташкент — Самарканд — Ашхабад — Тегеран.

Бирок анын айтымында, жолдун курулушуна колеялардын жазылыгындагы айырмачылыктар тоскоолдук кылууда. Ал анда Кытай жаңы темир жолун төшөп, ал аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыган поезддер менен бирге жүк ташыган поезддерди да кое бериши мүмкүндүгүн болжолдогон.

«Жалгыз гана айырмасы ылдамдыгында болушу мүмкүн: жүргүнчү ташыган поезддер ылдамдыгын саатына 250-300 чакырымга чейин жеткире алышат, а жүк ташыгандары 120 гана чакырым», — деп кошумчалаган ал.