20-декабрда кыргыз рэп ырчылары Баястан, Бегиш жана Каспер Бишкектеги Спорт ордосунда «ZAMANBAP» аталышындагы дебюттук альбомунун бетачарын жасашты.

Zamanbap чыгармачыл бирикмесинин рэпперлеринин Спорт ордосундагы концертине эки миңге жакын киши катышты.

IMG_0721

IMG_0408

Анда ырчылар тарыхтагы алгачкы кыргыз тилдүү рэп-альбом болгон «ZAMANBAP» жаңы пластинкасындагы бардык 11 тректи тең аткарышты.

IMG_0458

IMG_0511

Баястан Ботоканов (рэппер Баястан) Kloop.kgге курган маегинде дебюттук пластинканы даярдоого дээрлик эки жыл, а жаздырууга бир жарым ай убакыт талап кылынганын айтты.

IMG_0702

IMG_0489

«Альбомдун башкы артыкчылыгы анын баарынын кыргыз тилинде болгондугунда, а андагы ырлардын мазмуну сабак болорлук мүнөзгө ээ», — деди бирикменин продюсери Мирлан Саткымбаев.

Zamanbap менен бирге сахнага кыргыз эстрадасынын жылдыздары Мирбек Атабеков, Арсен, Омар, Назгүл Токтакунова жана Чолпонай чыгышып, өз чыгармаларын аткарышты — алардын баары тең альбомду жазууга конок катары катышышкан.

IMG_0467

IMG_0441

IMG_0493

IMG_0424

Zamanbapтагы ырлардан сырткары сахнада Троеразный жана Ауцайдер топторунун тректери аткарылып, «Жарайт Сити» скетч-шоусунун башкы ролдорунун аткаруучулары тарабынан кичи-комедиялык шоу көрсөтүлдү.

IMG_0579

IMG_0543

«ZAMANBAP» альбомунун чыга тургандыгы жөнүндө 2015-жылдын июнунда эле белгилүү болгон — анда Баястан, Бегиш жана Каспер дебюттук пластинканын эки мүнөттүк тизерин чыгарышкан.

IMG_0535

Баястан менен Бегиш хип-хоп жанрында 2010-жылдын башынан бери ырдап келишет, андан бери алар көбүнчө түштүк америкалык штаттардагы хип-хопко окшогон музыканын коштоосундагы кыргыз тилдүү рэпти өнүктүрүү аракетинде.

Автор: Зияра Асылбекова.
Сүрөттүн автору: Айдана Канатбек.