Премьер-министр Темир Сариев Кытай менен визасыз режим киргизүү ыктымалдыгы тууралуу айтылган ушактарды четке какты. Өткөн аптада жергиликтүү ЖМКлар экономика министри Арзыбек Кожошевге шилтеме жасап, эгер Кытай менен визасыз режим киргизилсе Кыргызстанга жыл сайын миллионго жакын турист келиши мүмкүндүгүн жазышкан.

Сариев 22-декабрь күнү эртең менен «Биринчи радионун» эфиринде экономика министри Арзыбек Кожошевдин Кытай менен визасыз режим киргизүү ыктымалдыгы тууралуу билдирүүсү «негизсиз» экенин билдирди.

«Балким Кожошев туура эмес сүйлөп алгандыр. Бизде Кытай менен визасыз режим киргизүү ниетибиз жок, болгон да эмес. Баары мурдагыдай бойдон калат», — деп жазды Сариевдин айткандарын Коомдук телерадиокорпорациясынын башчысы Илим Карыпбеков «Твиттердеги» жеке баракчасына.

Кожошевдин билдирүүсү 17-декабрда, премьер-министр Сариев менен өлкөнүн айрым мүчөлөрүнүн Кытайга болгон сапары маалында жасалган — анда экономика министри Кыргызстан визасыз режим киргизүү маселесин иштеп чыгып жатканын айткан.

«Кытай — чоң өлкө, эгер Кытайдын миллионго жакын жараны Кыргызстанга келсе — бул [туристтик тармактын өнүгүшүнө] чоң таасир берет», — деп жазган «Тазабек» маалымат агенттиги Кожошевдин айткандарын.

Экономика министрлигинин башчысы эгер визасыз режим киргизилсе, Кыргызстанга жыл сайын миллионго жакын кытай туристи келиши мүмкүндүгүн белгилеген.

«Албетте, белгилүү бир тобокелчиликтер бар, бирок бул маселе жакын арада чечилет деген ойдомун», — деп жазган «Азаттык» радиосу анын айткандарын.

Кийин Кытайдан келген соң Кожошев ЖМКлардагы билдирүүлөрдү четке кагып, анын айткандарын журналисттер «өзгөртүп жибергендиктерин» билдирген.

«Балким ал маселе иштелип чыгып жаткандыр, бирок ал биздин компетенцияда эмес жана мен визасыз режим киргизе албайм. Мен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү катары кытай туристтерин тартуу тууралуу айткам. […] Визасыз режим тууралуу сөз болгон эмес», — деп айткан ал «К-Ньюс» агенттигине курган маегинде.

«Белгилүү убакыттан кийин жарылуучу мина»

Кытай менен визасыз режим киргизүү тууралуу билдирүү интернет колдонуучулардын арасында карама-каршы пикирлерди жараткан.

Оппозициялык активист Тимур Саралаев «Фэйсбуктагы» баракчасына Кожошевдин сүрөтүн жайгаштырып, визасыз режим киргизүү Кыргызстан үчүн «белгилүү бир убакыттан кийин жарылчу мина» экени тууралуу эскертмесин жазган. Бир нече күндүн ичинде сүрөт менен дээрлик бир жарым миң колдонуучу бөлүшкөн.

Кытай менен визасыз режим киргизүүгө каршы болгондордун башкы аргументтери:

•кытайлар көп жана алар Кыргызстанга толуп алышат, жыйынтыгында өлкөнүн аймагында көбөйүп, кыргыздардын өзүлөрүнүн жоголуп кетүүсүнө алып барат;

•кытайлар көп жана алар Кыргызстанда иштөөнү каалашат, а жумушчу орундар кыргыз жарандарынын өзүлөрүнө жетишпейт;

•өз кезегинде Кытай кыргыздар үчүн визасыз режим киргизүүнү каалабай эле.

«Көз көрүнөө синофобия»

Экономика тармагы боюнча эксперт Данияр Айтман «Фэйсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу Кытай менен визасыз режим киргизүүнү «жакшы идея» деп атады, а ал демилгеге каршы болуп жаткандарды — «синофобдор» (Кытайга карата жек көрүүчүлүк, Орус тилиин галлицизмдеринин тарыхый сөздүгү) деди.

Анын пикиринде, Кыргызстан Кытай менен экономикалык кызматташууда башка Борбордук Азия өлкөлөрүнөн артта калууда — Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан газ менен мунай өндүрүп, кытайлыктарга жеткирүү үчүн ондогон миллиард АКШ долларын тартып жатышат.

«Кыргызстанда коңшуларыныкындай көмүр суутек сырьесунун запастары жок экени түшүнүктүү. Бул деген кытай акчалары үчүн атаандашууда биз аз ресурстук камсыз кылынганыбызды чоң ачыктуулугубуз менен жабышыбыз керек дегенди билдирет», — деп эсептейт Айтман.

Ал визасыз режимге каршы болуп жаткандар өз позицияларын «акылга негизделбеген аргументтер» менен эмес, а «көз көрүнөө синофобия» менен коргоп жаткандыктарын жазды. Айтмандын пикиринде, расмий ички дүң өнүмү кыргыздардыкынан төрт эсе көп болгон кытайлыктар Кыргызстанга «келишпейт».

«Эмнеге динамикалуу өнүгүп жаткан, бай Кытайдан массалык түрдө келишмек эле? Бул жакта алар эмне кылмак эле? Документтерсиз кантип жашашат?» — деп жазган ал.

Анын айтымында, Кыргызстандын «бир нече жолу башка өлкөлөргө каршы аскердик агрессия жасаган» Орусия менен бир биримдикке кирүүсүнүн фонунда Кытайдан коркуу «күлкү келтиргидей көрүнөт».

Визасыз режим

Кыргызстан 2012-жылы 45 «өнүккөн өлкө» менен визасыз режим киргизген. Учурда жалпысынан 60 өлкө менен визасыз режим иштеп жатат.

2015-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында айрым кыргыз саясатчылары менен чиновниктери визасыз режимдин жоюлушун колдогон пикирлерин билдиришкен. Алар өз позицияларын Париж менен АКШнын Сан Бернандино аймагындагы теракттардан кийинки «террористтик коркунучтар» менен түшүндүрүшкөн.

Бирок премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан визасыз режимден баш тартпастыгын, а өкмөт коомдук коопсуздукту күчөтөрүн билдирген.