Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз армиясын «Ислам мамлекетине» каршы күрөш үчүн Сирияга жөнөтпөй тургандыгын билдирди. Буга чейин Орусиянын коопсуздук боюнча эксперттери ЖККУга мүчө өлкөлөрдү Сириядагы атайын операцияга катышууга чакырышкан болчу.

Атамбаев 24-декабрдагы жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Кыргызстан Орусиянын Сириядагы согушкерлерге каршы операциясын «моралдык жактан гана» колдоого аларын жана ал жакка аскерлерин жөнөтпөстүгүн белгилеген.

«Биз албетте, [Орусиянын Сириядагы операциясын] колдоп жатабыз, бирок ал жакка аскерлерибизди жөнөтпөйбүз», — деди президент.

Атамбаев Сирияда «Ислам мамлекети» тарапта согушуп жаткандардын өз өлкөлөрүнө — Өзбекстанга, Тажикстанга, Орусияга жана Кыргызстанга кайтып келүүсүн каалабастыгын айтты.

«Көйгөй алардын ал жакка кетип жатканында эмес, а өз өлкөлөрүнө кайтып келип жаткандыктарында. Эгер сен ал жакка кетсең, анда сен өз өлкөңдүн жараны эмессиң деп эсептейм, анткени сен жанагыл оору менен келесиң», — деди өлкө башчысы.

Ал Конституция «андайга жол бербей тургандыгына» карабастан Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандыктарды жарандыгынан ажыратууну сунуштады.

Коопсуздук боюнча орусиялык эксперттер курамына Орусиядан сырткары Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения жана Беларусь кирген ЖККУнун калган мүчөлөрүн Орусиянын Сириядагы операциясын колдоого чакырышкан.

«ЖККУ боюнча биздин союздаштар Сирия боюнча коалицияга кирүүгө милдеттүү. Орусия Түркия менен болгон окуядан кийин колдоого өзгөчө муктаж болуп турат. ЖККУнун ар бир мүчөсү аскерлерин же техникасын жөнөтүшү керек. Азырынча биз андай жардамды көрбөй элебиз, бирок Орусия бул маселени кабыргасынан коюшу керек», — деп билдирген 15-декабрда Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азияны иликтөө борборунун жетекчиси Семен Багдасаров орусиялык телеканалдардын бирине курган маегинде.

Орусия Сириядагы атайын операциясын сентябрдын аягында баштаган — анда анын учактары ал өлкөгө алгачкы соккуларын узатышкан болчу. Орусиянын аскердик мекемесинин маалыматы боюнча, соккулар экстремисттик «Ислам мамлекети» тобунун курал-жарактар менен ок-дарылар жыйылган кампаларына, аскердик техникаларына, транспорт жана байланыш түйүндөрүнө багытталган.

Октябрдын башында Пентагон менен Түндүкатлантикалык келишим уюму (НАТО) Орусия Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы чыгып жаткан оппозициялык топтордун позицияларын бомбалап жатканын билдирип, Кремлден ал соккуларды токтотууну талап кылган. Орус жетекчилиги ага жооп катары Сириянын аймагында «көп болгон» террорчу топторду талкалап жатканын билдирген.

Декабрдын аягында Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму өзүнүн баяндамасында Орусиянын Сириядагы бомбалоолору маалында көптөгөн жарандык объектилер талкаланып, андан улам 200дөй жайкын адам курман болгонун билдирген.Уюмдан ал чабуулдар «аскердик кылмыш болушу мүмкүн» деп эсептешет.

Автор: Александра Ли