«Инстаграмдын» Кыргызстандагы эң популярдуу колдонуучусу — Эльдана Сатыбалдиеванын (@eldana_foureyes) баракчасына жазылгандардын саны жарым миллиондон ашты. Орточо эсеп менен акыркы жылда баракчага ай ар сайын 35 миңден колдонуучу жазылып турган.

Видеоблоггер Эльдана Сатыбалдиева «Инстаграм» социалдык түйүнүндө 500 миңден ашык жазылуучуга ээ болгон алгачкы кыргызстандык болуп калды.

Акыркы жыл ичинде Сатыбалдиеванын Инстаграм-эккаунтуна орточо эсеп менен айына 35 миңден колдонуучу жазылып турган.

eldana_followers

Салыштыруу үчүн, Орусиянын эң популярдуу Инстаграм-баракчасында 4,5 млн. жазылуучу бар — ал модель Ирина Шейкке таандык. Кыргызстанда болсо жазылуучуларынын саны боюнча Сатыбалдиевадан кийин 276 миң окурманы менен модель Айжан Асемова келе жатат. Шоу-вумен Ассоль Молдокматовага 100 миңге жакын колдонуучу жазылган.

Кыргызстандагы эң популярдуу Инстаграм-баракчасынын ээси Сатыбалдиева аптасына бир нече жолу эреже катары башкы ролду өзү аткарган күлкүлүү кыска видеолорду жайгаштырып турат.

Когда рассказываешь родителям про своих друзей (с @yuframe)

Видео опубликовано Eldana Satybaldieva (@eldana_foureyes) Дек 26 2015 в 7:49 PST

Ал 2014-жылдын жайында Instagramдагы эң популярдуу кыргызстандык болуп, Kloop.kgге эксклюзивдүү маек курган:

Анда блоггер Жоомарт Ормонбеков студенттин видеолорун «күндүн кызыктуу окуялары тууралуу 15 секунддук шедеврлер» деп атаган.

«Бизде кечки сатиралык шоу болгондо Эльдана анын көркүн ачмак. А азырынча кайраттуу кыздын ар бир 15 секундуна кубанып туралы», — деп жазган Ормонбеков.