Ички иштер министрлиги тынч чогулуштардын — митинг, демонстрация жана көчө акцияларынын «чет өлкөлөрдөн каржыланышына» тыюу салууну демилгеледи. Мекеме тарабынан сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, мындан кийин митингдин уюштуруучулары каржы булактары боюнча отчет берүүлөрү керек болот.

Ички иштер министрлигинин мыйзам долбоору парламентте ушул жылдын 22-декабрында каттоодон өткөн. Документ чогулуштардын чет өлкөлөрдүн, чет элдик жеке адамдар менен юридикалык тараптардын эсебинен каржыланышына тыюу салууну сунуштайт.

Мыйзам долбооруна ылайык, тынч чогулуштарды уюштуруучулардын «жеке каражаттарынын эсебинен» өткөрүү сунушталууда.

«Ошону менен бирге, тынч чогулушту уюштуруучу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тынч чогулушту каржылоону ишке ашыруучу катышуучулар тууралуу маалыматтарды жазуу формасында көрсөтөт», — деп жазылган документте.

Мыйзам бузулган учурда митингдин уюштуруучулары административдик жоопкерчиликке тартылышат: жарандар үчүн — 2000 сомго чейин, а юридикалык жактарга 5000 сомго чейин айыппул салынат.

Кыргызстандын Конституциясы жарандарды тынч чогулуштарды өткөрүү укугу менен камсыз кылат.

«Туруксуз абалдын жаралышына алып келиши мүмкүн»

Документке тиркелген негиздеме-маалымкатта ИИМ башчысы Мелис Турганбаев тынч чогулуштар «башка мамлекеттердин каражатынын эсебинен» каржыланган «учурлардын жок эмес» экенин жазган. Анын пикиринде, чогулуштарды өткөрүүдө чатырлар менен боз үйлөрдү тигүү, транспаранттарды, ар түрдүү желекчелерди даярдоо үчүн чыгымдар талап кылынат.

«Бул биздин мамлекетте туруксуз абалдын түзүлүшүнө, улуттук коопсуздуктун коркунуч астында болуусуна, коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп эсептейт Турганбаев.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул мыйзам долбоору митингдерди каржылоону көзөмөлдөө ченемдеринин жоктугунан улам демилгеленген.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев Kloop.kgге курган маегинде ИИМдин мындай демилге көтөрүүсүнө Кыргызстандын аймагында өтүп жаткан «көптөгөн митингдер» себеп болгонун билдирди.

«Биз болгону түрдүү митингдерди өткөрүүнүн маанисиз экенин айтып, алардын чет өлкөлүк жеке жана юридикалык тараптардан каржылануусуна тыюу салууну сунуштап жатабыз», — деди Казабаев.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдүн каржылоосунда өткөн митингдерге мисал катары 2005чи жана 2010-жылдары Кыргызстанда болгон эки революцияны айтууга болот.

«Мисал келтирип деле кереги жок. 2003-жылдан тарта дайыма митингдер өтүп келген. «Кетсин!» деп кыйкырышып. Бир президентти кетиришти, андан кийин экинчисин кетиришти. […] Канчалаган жайкын жарандар каза болду. Ошондуктан этият болуу керек», — деп эсептейт Казабаев.

Анын айтымында, ИИМдин мыйзам долбоору — «жөн гана сунуш» жана аны колдонуунун конкреттүү чаралары ал расмий кабыл алынгандан кийин белгилүү болот.

Бирок Казабаев тыюу салуу көпчүлүк учурларда эл аралык уюмдардын колдоосу менен өткөрүлүп келген гуманитардык мүнөздөгү акцияларга да тиешелүү болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок.

«Конкреттештирүү керек»

Коммерциялык эмес укуктар тармагы боюнча эксперт Ноокат Идрисов Kloop.kgге курган маегинде демилге «улуттук коопсуздукту камсыз кылгандыктан» ага карата туура эле көз карашта экенин жана тынч чогулуштар «чет өлкөлөрдөн каржыланбашы керектигин» айтты.

Анын айтымында, милиция кайсыл чыгымдарга тыюу салына тургандыгын конкреттүү көрсөтүшү керек, анткени анын аракеттери «жаңылыш түрдө» чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга да тийип калуусу ыктымал.

«Чаташкандыктар болуп, чет жактардан каржыланган коммерциялык эмес уюмдар тарабынан өткөрүлгөн бардык тынч чогулуштарга тыюу салынбашы үчүн мыйзамда «каржылоо» деп гана жазып койбостон чыгымдар беренесин так жазуу керек», — деди Идрисов.

Ал мыйзам долбоорунун учурдагы редакциясы «алгачкы максаттарын», тактап айтканда, тынч чогулуштардын чет өлкөлөрдөн каржыланышына тыюу салууну бузушу мүмкүндүгүн билдирди. Эксперттин айтымында, долбоордун учурдагы версиясы боюнча, милиция «кыйыр түрүндө» ал уюмдар жашап жаткан акчаларды да эсептеп коюусу ыктымал.

Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамдын ордуна

Кыргызстандын ИИМи тынч чогулуштарды каржылоо маселелери митингдер жана демонстрациялар тууралуу мыйзамдар тарабынан көзөмөлдөнгөн Орусия менен Тажикстанды мисал катары келтирүүдө.

Ошол эле маалда 2012-жылы Орусия оппозициясы «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзамдын ордуна митингдердин чет өлкөлөрдөн каржыланышына тыюу салуу ченемин сунуш кылганы менен азыр Орусияда андай тыюу жок.

Анда 2015-жылдын февралында өлтүрүлгөн орус оппозициясынын лидерлеринин бири Борис Немцов чет өлкөлөрдүн акчасы менен уюштурулган митингдерге тыюу салуу «көйгөй жаратпастыгын» айткан.

«Менде конкреттүү сунуш бар — келгиле массалык акциялардын чет өлкөлөрдөн каржыланышына тыюу салуу тууралуу мыйзамды кабыл алып, коммерциялык эмес уюмдарды жайына коебуз», — деген анда Немцов.