Кыргызстанда биринчи жолу «спайс» деп аталган синтетикалык маңзатын саткан адамга каршы кылмыш иши козголду. «Спайстарды» таркатууга 21-декабрдан тарта тыюу салынган болчу — эми маңзаттын ал түрүн саткандар 20 жылдык мөөнөткө чейин камакка алынуулары мүмкүн.
«Спайс» саткан делинген адамга каршы кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат 28-декабрда билдирди. Анын маалыматына ылайык, Кыргызстандын 1987-жылы туулган жараны социалдык түйүндөр аркылуу «спайс» сатууну жөнгө салып алган.
Мекемеден билдиришкендей, айыпталуучу эки күн мурда Бишкекте кармалып, жанынан 4,5 грамм психотроптук зат табылган. Лабораториялык экспертиза анын «MBA (N) CHM» деген «спайстын» бир түрү экенин аныктаган.
Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгы тарабынан шектүүгө каршы Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «Маңзатын, психотроптук заттарды же алардын анологун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алып жүрүү, сактоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
«Бул беренеде мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 20 жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу жазасын каралган», — деп билдиришти мекемеден.
Премьер-министр Темир Сариев синтетикалык аралашмаларга тыюу салуу тууралуу токтомго 4-декабрда кол койгон. Ал «Кыргыз Республикасында көзөмөлгө алынышы керек болгон маңзаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор тууралуу» өкмөттүн токтомуна кошумчалоо болуп эсептелет.
Токтом 21-декабрдан тарта күчүнө кирген — ага ылайык, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган психотроптук заттардын тизмесине кошумча дагы 86 химиялык формула киргизилген.
Алардын арасында «спайс» деген жалпы аталышка туура келгендери да бар.
«Спайс» Кыргызстанда
Өкмөттүн токтому Бишкектеги дубал беттеринде «спайстын» сатыла тургандыгы жөнүндөгү алгачкы жарыялар пайда болгондон 10 айдан кийин чыккан. «Спайс» — дүйнөнүн 30 өлкөсүндө, анын ичинде АКШ, Европа жана Орусияда тыюу салынган синтетикалык маңзаты.
Интернеттин кыргыз сегментинде «спайсты» талкуулоо ал тууралуу Kloop.kg сайтына репортаж жарыялангандан кийин башталган.
Бирок анда Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз борборунан «спайсты» даярдоо жана таратууга каршы күрөш өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин башталарын билдиришкен. Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болгон.
Маңзатына каршы күрөшүү боюнча эксперт Александр Зеличенко Кыргызстан «спайс» 2009-жылы Орусияда жайыла баштаганда эле алдын ала чараларды көрүшү керек болчу деген пикирин билдирген.
«Спайс» деген эмне?
«Спайс» — бул өз ичине түрдүү синтетикалык заттарды камтыган чегүүчү кошулмалардын жалпы аталышы; «спайстын» негизги кошулмалары болуп синтетикалык канабиноиддер (марихуананын аракеттеги заттары) — «JWH-018» жана «CP-47, 419» эсептелишет.
Эки синтетикалык затка тең Европанын бир катар өлкөлөрүндө, АКШда, Орусияда, Беларуста, Украинада, Чилиде, Жапонияда, Канадада, Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түштүк Кореяда жана Австралияда тыюу салынган.
2009-жылы Маңзатына жана ага көз каранды болгондорго мониторинг жүргүзүү боюнча европалык борбор өзүнүн билдирүүсүндө Европада «спайстар» 2006-жылы психоактивдүү таасири бар жыпар жыт катары таратылып баштагандыгын жазган.
Орусияда «спайстар» 2010-жылы пайда болгон, бирок Кардарлардын укуктарын коргоо тармагы боюнча федералдык кызмат андан бир жыл мурун эле тыюу салынган маңзат каражаттарынын тизмесине чегүүчү кошулмалардын курамындагы негизги заттарды киргизүүгө жетишкен.
«Спайстардын» таратылышына жана алардын жарнамаланышына биротоло 2015-жылдын башында тыюу салынган.
Борбордук Азияда «спайстар» 2014-жылдын күзүндө пайда болду — казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары Алматы менен Казакстандын түндүгүндө синтетикалык маңзаттары таркатыла баштагандыгы тууралуу жазышкан. Анда октябрдын аягына карата 30га жакын киши наркология бөлүмдөрүнө жаткырылган.