ЖКК инспекторлору маршруттук таксинин айдоочусунун күбөлүгүн анын кесиптештери ага болушуп чыккандан кийин кайтарып беришти. Окуя Батыш автобекетиндеги рейддин жүрүшүндө айдоочунун күбөлүгүн алуу аракети көрүлгөн маалда болгон.

25-декабрь күнү Бишкектин Батыш автобекетинде өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө ЖКК инспекторлору маршруттук таксинин айдоочусунун күбөлүгүн алууга аракет кылышкан.

Жол милициясынын өкүлүнүн айтымында, айдоочунун күбөлүгүн алууга анын автоунаасынын уруксатсыз кайтадан башкача кылып жабдыктап алгандыгы себеп болгон.

Жаакташуу маалында маршруттук таксинин айдоочусу жол милициясынын анын айдоочулук күбөлүгүн алып коюуга укугу жок экенин айтты.

«Силер мен жөн гана токтоп турганда кармап жатасыңар. Мен маршруттук такси менен адамдарды ташып баратканда кармасаңар бир жөн», — деп нааразычылыгын билдирди ал.

Аны кесиптештери колдошту. Алар дагы ЖКК кызматкерлеринин «жөн эле токтоп турган» маршруттук таксинин айдоочусунун күбөлүгүн алып коюуга укуктары жок экенин айтышты.

«Менин үйүмдө эки маршруттук такси токтоп турат, балким аларды да камакка алаарсыңар? Ал бул унааны айдабастан жөн эле турган да», — деп колдоду айдоочуну кесиптештеринин бири.

Чогулган айдоочулардын кысымынан улам ЖКК кызматкерлери ага айдоочулук күбөлүгүн кайтарып берүүгө аргасыз болушкан.

Автор: Айдана Апазбекова
Видео: Владимир Цай