Ирактын премьер-министри «Ислам мамлекети» уюмун 2016-жылдын аягына чейин өлкө аймагынан сүрүп чыгарарын билдирди. Ал бул билдирүүсүн согушкерлерден Рамади шаарын тартып алгандан кийин жасады.

Ирактын өкмөт башчысы Хайдер Абади телекайрылуусунда Рамади бошотулгандан кийин ирак армиясы «Ислам мамлекетинин» согушкерлеринин көзөмөлүндөгү Мосул шаарын бошотуу ниетинде экенин билдирди.

«2015-жыл бошотуу жылы болду, а 2016-жыл Ирак менен Месопотаминин аймагында жүргөн «Даиштин» («Ислам мамлекетинин» башкача аталышы —редакциянын түшүндүрмөсү) бардык күчтөрү жок кылынган улуу жеңиштин жылы болот», — деп билдирди Би-би-си Абадинин айткандарын.

Шаар бошотулгандан кийин анын башкы административдик имаратына Ирактын желеги илинди — операция дээрлик бир аптага созулган.

Би-би-си Рамадинин бошотулушун «Ислам мамлекети» өлкөнүн үчтөн бирин басып алган 2014-жылдан берки ирак армиясынын «эң маанилүү аскердик ийгиликтеринин бири» деп атады.

Басылма Рамадиде жүргөн жеке кабарчысынын айткандарын келтирүүдө — анын маалыматы боюнча, азыр шаар ээ калган.

Эр-Рамадиден Ирактын борбору Багдад шаарына болгону бир жарым сааттын ичинде жетүүгө болот. Мосул — «Ислам мамлекети» тарабынан 2014-жылдын ортосунда басылып алынган Ирактын экинчи ири шаары. Ракка — Сириядагы шаар, «Ислам мамлекети» аны өзүнүн борбору деп атап алган.

«Анын (Рамадинин) талкаланган көчөлөрүндө адамдар көрүнбөйт. Имараттардын көбү мина коюлган бойдон калууда. Шаардын борбору менен түндүгүндө калган согушкерлерди издөө иштери уланып жатат», — деп жазды Би-би-си.

Ирактын Анбар провинциясынын борбору Рамадини бошотуу операциясы 22-декабрда коалиция күчтөрүнүн колдоосу менен башталган. Басылманын маалыматы боюнча, Ирактын бийлиги атайын операцияга бир нече ай даярданган — аскерлер согушкерлерди жабдуу жолдорун бууп, жашоочулардын үйлөрүнөн кетип турууларын өтүнгөн.

«Уолл Стрит Джорналдын» баяндамачыларынын маалыматы боюнча, Рамадини бошотууга америкалык авиациянын колдоосу алдында аракет көргөн 10 миңден ашык ирак аскери катышкан.

«Ислам мамлекети» — дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик топ.

Сүрөт: vistanews.ru