Дельфиндерге «ырайымсыз мамиле кылууга» каршы митинг Бишкекте 30-октябрда өттү. Акциянын 40ка жакын катышуучусу жаныбарлардын эркиндикке кое берилишин талап кылышты.

Бишкекте көчмө дельфинарийдин ачылышы жарандык активисттердин нааразычылыгын жаратты. Алар 30-декабрда шоунун премьерасы өтчү имараттын алдына митингке чыгышып, жаныбарлардын эркиндикке кое берилишин талап кылышты.

Жалпысынан акцияга 40ка жакын киши чогулду. Алар дельфиндердин катышуусундагы шоуго бойкот жарыялоого чакырган: «Билеттерди сатып албагыла! Дельфинарийге барбагыла!» жана «Билеттерди сатып албагыла! Балдарды эмнеге үйрөтүп жатасыңар?», деген жазууларды кармап алышкан.

IMG_0034

Акциянын уюштуруучусу, активист Гүлайым Айылчы Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстан дельфиндерди камакта кармоого уруксат бербеген өлкөлөрдү ээрчиши керектигин айтты.

«Биз аларга [дельфиндерге] зыян келтирип жатабыз, аларды тамак үчүн бардык нерсеге даяр болгон кулдарга айлантып жатабыз. Алар адамдардын көңүлүн ачпастан, эркиндикте болуулары керек», — деди Гүлайым Айылчы.

Ал жалпысынан жаныбарлардын эркиндигин чектеп, аларга «ырайымсыз мамиле кылууга» каршы экенин кошумчалады.

«Биз көчмө дельфинарийлер менен зоопарктарга тыюу салынышын талап кылып жатабыз! Биз бул демилгени аягына чейин жактап, ишти аягына чыгарабыз», — деди акциянын уюштуруучусу.

IMG_0090

Дельфинарийдин кардарларынын көбү акциянын катышуучуларына терс мамиледе экендиктерин билдиришти. Алардын бири балдары «көчө таптап жүргөндөн көрө, жаныбарлар менен жаратылышка көбүрөөк кызыгышы» үчүн алар дельфиндерди өз көздөрү менен көрүшү керектигин айтты.

Кардарлар дельфинарийге билеттерди сатып алып жатышат. Анда премьералык шоунун жүрүшүндө дээрлик бош орун калган жок.
Кардарлар дельфинарийге билеттерди сатып алып жатышат. Анда премьералык шоунун жүрүшүндө дээрлик бош орун калган жок.

Башка көрүүчү кардарлар берген акча дельфиндердин жыргалчылыгы үчүн жумшаларын айтып, активисттерди жемеледи. Анын айтымында, дельфиндер деңизде жашап кете алышпайт, анткени алар ушундай шарттарда жашоого көнүп калышкан.

Бишкекте көчмө дельфинарий шаар бийлигинин колдоосу менен декабрдын экинчи жарымында пайда болгон. Ал шаарда 2016-жылдын майына чейин иштейт.

Дельфинарийдин ачылышы социалдык түйүндөрдө карама-каршы реакцияларды жараткан — айрымдары ал окуяга кубанышса, башкалары — дельфиндердин көңүл ачуу шоулорунда пайдаланылышын айыпташкан.

Авторлор: Зияра Асылбекова
Сүрөт: Айдана Канатбек кызы