Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялады — өлкө башчысынын пикиринде, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү кыргызстандыктардын «интеллектуалдык жана руханий дараметине» байланыштуу.

30-декабрда өлкө башчысы 2016-жылды «Тарых жана маданият жылы» деп жарыялады — ал өз Жарлыгында Кыргызстандын алдында демократиянын алдыңкы жетишкендиктерин элдин укуктук, ыймандык жана маданий салттары менен шайкеш келтирүү милдети тургандыгын билдирди.

Атамбаевдин айтымында, 2016-жылдын «Тарых жана маданият жылы» деп жарыяланышынын башкы себеби — өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү менен «элдин руханий кайра жаралуусунун» ортосундагы байланыш.

«Адам - прогресстин кыймылдаткыч күчү, ошондуктан келечекте адамды ар тараптан өнүктүрүүгө инвестиция салууга басым жасамакчыбыз. Экономикалык өсүштүн динамикасы жарандардын интеллектуалдык жана руханий дараметине тыгыз байланышкан. Демек, Кыргызстандын экономикасынын мындан аркы бекемделиши көбүнесе өлкөбүздө маданий жана руханий чөйрөнү өнүктүрүүгө жараша болот», — деп эсептейт Атамбаев.

Президенттин тапшырмасы менен 2016-жылы мамлекеттик органдар төмөнкү иштерди аткаруулары керек:

• Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын майрамдоону уюштуруу, өлкөнүн тарыхы менен маданиятын жайылтуу, материалдык маданий эстеликтер жана руханий мурастарын жайылтып, коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;

• калк конуштарынын, кичи райондордун, көчөлөрдүн тарыхын, салттарын жана азыркы талаптарды эске алуу менен алардын кайталангыс маданий келбетин калыптандыруу жана жакшыртуу;

• тарыхый-маданий мурастын объекттерин, анын ичинде археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди сактоого көзөмөлдү күчөтүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү;

• жаштар борборлору менен бириктирилген инновациялык китепканаларды түзүү;

• эстеликтерди жаңылоо жана жергиликтүү туризмди өнүктүрүү;

• изилдөөчүлөр, окуу китептеринин жана окуу куралдарынын, илимий-популярдуу басылмалардын, адабияттын, асыресе балдар адабиятынын авторлору үчүн “Тарых, маданият жана келечек” гранттык программасын түзүү жана ишке ашыруу;

• «Кыргызстандын тарыхый жана маданий өнүгүүсүнүн маанилүү этаптарын чагылдырган» көркөм, даректүү жана анимациялык фильмдерди, телесериалдарды тартуу;

• кыргызстандыктардын жүрүм-турум модели катары «универсалдуу демократиялык дөөлөттөр менен кыргыз элинин кайталангыс маданиятын айкалыштырган» «кыргыз жараны» образын билим берүү, маданият, искусство, спорт, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу.

Өтүп бара жаткан 2015-жыл президент тарабынан улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланган болчу.