Президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев энергетика тармагындагы чиновниктерге Токтогул ГЭСиндеги оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда жарыктын маал-маалы менен өчүрүлбөшү үчүн кыска мөөнөттүн ичинде сырттан электр энергиясын сатып алуу келишимдерин түзүү тапшырмасын беришти.

Премьер-министр Темир Сариев 23чү жана 28-декабрь күндөрү орун алган Токтогул ГЭСиндеги аварияларга байланыштуу мамлекеттик электр ишканалары — «Электр станциялары» менен «Кыргызстандын Улуттук электр тармагынын» жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Токтогул ГЭСиндеги ал авариялардан улам кабелдер менен 500 кВт кубаттуулуктагы трансформатор жарактан чыккан — өз кезегинде ал станциядан электр энергиясын берүүнүн эки эсеге, 1200 мВт-600 мВт чейин кыскарышына алып келген.

Экономика министринин орун басары Айбек Калиев 29-декабрдагы маалымат жыйынында ГЭСтеги эки авариядан улам Жаңы жылдан кийин электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүү ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

Премьер-министрдин энергетика тармагы боюнча кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев мамлекеттик компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушуусу маалында Токтогул ГЭСинин экинчи агрегатындагы оңдоо иштери «кыска мөөнөттө» аткарылып, майрам күндөрү калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кыла тургандыктарын убадалады.

«Жабдыктардын жарактын чыгышы иштөө мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу, ага эч кандай адамдык фактордун таасири болгон жок. Учурда №2-трансформатордогу шакекче кабелдик муфтаны калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат», — деп жазды өкмөттүн басма сөз кызматы Турдубаевдин айткандарын.

2-январдан кийин электр жарыгын берүүдө чектөөлөрдүн киргизилбеши үчүн Сариев Каржы министрлигине чет өлкөдөн электр энергиясын сатып алууга кошумча акча бөлүү тапшырмасын берди.

Мамлекеттик компаниялардын башчылары менен жолуккандан кийин премьер-министр президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду. Анда өлкө башчысы электр энергиясын импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү ишин создуктургандыгы үчүн чиновниктердин «жоопкерчиликтерин кароону» тапшырды.

«Энергетиктер үчүн электр энергиясын импорттоого келишим түзүү ишин создуктурууга обьективдүү себептер жок эле. Мунун кесепетинен Кыргызстандын калкын электр энергиясы менен камсыз кылууда мүмкүн болгон чектөөлөргө алып келди. Мамлекет башчысы буга чейин энергетика секторунун жетекчилерине бир нече ирет мындай келишимди даярдоо зарылчылыгын эскертип келген», — деп жазды Атамбаевдин басма сөз кызматы.

Президенттин айтымында, Кыргызстанда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн «бардык мүмкүнчүлүктөрү бар».

Турдубаев электр энергиясы Казакстандан алына тургандыгын билдирди.

«Кризистик абал»

Бир жуманын ичинде Токтогул ГЭСинде эки авария болгон — 23чү жана 28-декабрь күндөрү. Алгач экинчи гидроагрегаттагы трансформатор жарактан чыккан, андан соң жогорку вольттогу кабелдерден майдын сызылып чыгуусу орун алган.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жарактан чыккан кабель линияларынын «эскилиги жеткен», анткени кабелдин биринчиси 1974-жылы, а акыркысы 1977-жылы орнотулуп, ошондон бери оңдоодон өткөрүлө элек болчу.

«Нормативдик мөөнөтү 25 жыл болгон кабелдердин 40 жылдан ашык пайдаланылгандыгына байланыштуу алардын физикалык жана моралдык жактан эскилиги жеткен», — деп жазган «КирТАГ» маалымат агенттиги өкмөттүн билдирүүсүн.

Эки авариядан улам экономика министринин орун басары Айбек Калиев Жаңы жылдан кийин маал-маалы менен өчүрүүлөр болушу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

«Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун орун басары Узак Кыдырбаев өлкөдө «кризистик абал жаралганын», ага байланыштуу электр энергиясын «суткасына бир-эки саатка» өчүрө тургандыктарын билдирген.

«Биз суткалап жарыксыз отурган коңшуларыбыз менен теңелүүнү каалабайбыз. Электр жарыгын кезек менен күнүнө бир-эки сааттан өчүрөбүз. Калк мунун аргасыз чара экенин түшүнүшү керек. Буга чейин бир эле маалда Токтогул ГЭСинде эки гидроагрегат иштебей калган учур болгон эмес», ― деп билдирген анда Кыдырбаев.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев Kloop.kgге курган маегинде Токтогул ГЭСиндеги эки авариянын себептерин аныктоо үчүн өкмөт мамлекеттик комиссия түзүшү керектигин айткан.

«Тийиштүү органдардын катышуусунда мамлекеттик комиссия түзүп, ал авариялардын себептери менен күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн Кыргызстандагы эң ири ГЭСте дагы канча авария болушу керек?» ― деп суроо салган Умбеталиев.

Анын айтымында, жарактан чыккан кабелди Франциядан сатып алууга болот.