Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мурдагы башчысы жана президенттик КСДП партиясынан талапкер Кубат Оторбаевди акыйкатчы кылып шайлады. Аны колдоп 63 депутат добуш берди.

Депутаттар көпчүлүк добуш менен Кубат Оторбаевди акыйкатчы кылып шайлашты — жыйынга катышкан 115 парламентарийдин 63ү анын талапкерлигин колдоп добуш беришти.

Калган эки талапкер — Рита Карасартова менен Алишер Мамасалиев — 26 добуштан алышты.

Төрага Асылбек Жээнбековдун сунушу менен Оторбаев дароо эле парламент алдында ант берди.

«Адилеттүү болуп, жарандардын эркиндиги менен укуктары үчүн иштейм», — деп жазды «АКИпресс» маалымат агенттиги жаңы акыйкатчынын айткандарын.

Жалпысынан акыйкатчы кызматына жети талапкер көрөтүлгөн, бирок алардын төртөөсү мамлекеттик укук коргоочу шайланган жыйындын жүрүшүндө талапкерликтерин алышкан.

Парламент акыйкатчыны экинчи жолку аракетинде шайлады — Жогорку Кеңеш мамлекеттик укук коргоочуну 10-декабрда шайлай алган эмес. Анда «Республика — Ата-Журт» фракциясы көрсөткөн талапкер Атыр Абдрахматова менен «Ата Мекендин» талапкери Гүлгаакы Мамасалиева жетиштүү добуш ала алышкан эмес.

КТРКнын мурдагы башчысы

Оторбаев 2010-жылдан 2014-жылга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп иштеген. Ал кызматтан мөөнөтү аяктай электе эле «өз каалоосу менен» кеткен.

Ага чейин Оторбаев «Азаттык» радиосунун кыргыз бюросунун директору болуп эмгектенген.

2015-жылдын күзүндө ал 4-октябрдагы шайлоонун жыйыныты боюнча үчүнчү орун алган Канатбек Исаевдин «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан.

Соавтор: Азамат Каработоев.