Бишкектин борборунда НТС телеканалынын оператору Жоомарт Асанбековду унаа сүзүп кетип, каза болду.

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы 29-декабрь күнү кечинде болжол менен саат 22:15терде «Мерседес-Бенц 320» автоунаасынын айдоочусу НТС телеканалынын оператору Жоомарт Асанбековду сүзүп кетип, ал каза болгондугун билдирди.

«2015-жылдын 29-декабрында болжол менен саат 22:15терде Манас проспектиси менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан «Мерседес-Бенц 320» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Филармониянын маңдайынан НТС ТРКсынын операторун сүзүп кеткен», — деп билдиришти ЖККдан.

ЖККнын маалыматы боюнча, Асанбеков эки тилкени бөлүп турган сызыкта видеосюжетке керектүү сүрөттөлүштөрдү тартып жаткан. Андан соң «Мерседестин» соккусунан улам жолго жыгылып калган операторду Манас проспектиси менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан «Lexus RX 300» үлгүсүндөгү автоунаа тебелеп кеткен.

«Zanoza» жаңылыктар сайты билдиргендей, кырсык болгон жерге тез жардам кызматынын өкүлдөрү барышып, Асанбековго жасалма дем алдыруу жасоого аракет кылышкан, бирок алар анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Асанбековду сүзүп кеткен айдоочу кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган эмес. Бул иш боюнча тергөө башталды.

Түшүндүрмө алуу үчүн Асанбековдун туугандары жеткиликсиз болууда. Өз кезегинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев каза болгон оператордун туугандарына 50 миң сом бөлүп берди.

Жоомарт Асанбеков НТС телеканалында үн режиссеру жана оператор болуп иштечү.

Бул журналисттер жол кырсыгынын курмандыгы болгон алгачкы учур эмес. 2013-жылдын жайында Балыкчы-Каракол унаа жолунда айдоочу рулду башкара албай, «Ысык-Көл Гран-При» веложарышынын марасында турган журналисттерди барып сүзгөн. Анда 5 журналист жана 2 велосипедчи түрдүү жаракаттарды алышкан. «Де-факто» гезитинин кабарчысы Бердибек Жакшылык уулу башынан оор жаракат алган.

Ушул жылдын июлунда K-News агенттигинин кабарчысын сауналар менен мейманканалардагы рейдден жашырынып кетүүгө аракет кылган секс-жумушчусунун башкаруусундагы унаа сүзүп кеткен. Анда журналист эч кандай жаракат алган эмес.

Ушул жылдын январында Токомбаев жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгын чагылдырып, жол жээгинде турган «НТСтин» оператору Эрлан Темирбековду өтүп бара жаткан унаалардын бири тайгаланып кетип, сүзүп алган. Анда Темирбеков денесин кокустатып, баш сөөгүнөн жаракат алган.