Башкы прокуратура Кыргызстандын Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги унаалардын алдыңкы капталдагы айнектерин караңгылатууга «мыйзамсыз» уруксат бергендигин билдирди.

30-декабрда Башкы прокуратура Кыргызстандын Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги «жеке жарандык адамдарга» мөөнөтү 2015-жылдын аягына чейин болгон «мыйзамсыз» уруксаттарды берип келгендиги жазылган билдирүү таратты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы айнектерин караңгылатууга милициянын ыкчам иш-чараларга катышып жаткан автоунааларына же инкассациялар менен атайын байланыш унааларына гана уруксат бериле тургандыгын белгилеген.

Пресс-релизге ылайык, көзөмөлдөө органы ички иштер министри Мелис Турганбаевге республикалык ЖКК башчысы Сергей Дьяченконун жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Башкы прокуратура ошондой эле «кызматтагы башка күнөөлүү адамдарды» «катуу дисциплинардык жоопкерчиликке» тартуу зарылдыгы тууралуу билдирди.

«Андан сырткары мыйзамсыз уруксат алып, өзүмбилемдик менен алдыңкы капталдагы айнектерин караңгылатып алган адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрүп, аларды жоопкерчиликке тартуу тууралуу жазма буйрук даярдалды», — деп жазылган Башкы прокуратуранын пресс-релизинде.

ИИМ алдындагы ЖККнын басма сөз кызматы бул айыптоо боюнча түшүндүрмө берген жок. ИИМдин басма сөз кызматынан болсо түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Бул акыркы бир ай ичинде Башкы прокуратуранын ЖККны экинчи жолу текшериши — буга чейин көзөмөл органы автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо үчүн мыйзамсыз кошумча акча алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.