Кыргызстандын өкмөтү Камбар-Ата ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу тууралуу Орусия менен болгон келишимди денонсациялоо боюнча токтом кабыл алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы экономика министринин орун басары Айбек Калиевге шилтеме жасоо менен Орусия ГЭСтерди куруу жана пайдалануу боюнча милдеттенмелерди аткара албастыгын жана ага акча бөлүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.

«Аны менен Орусия тарап учурдагы экономикалык абалды эске алуу менен жогорудагы долбоорлорду ишке ашыруу келишиминде көрсөтүлгөн финансылык каражаттарды бөлүп бере албай турганын моюнуна алган. Мындай шартта долбоорду ишке ашыруу белгисиз мөөнөткө созулушу мүмкүн», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Келишимди денонсациялоо чечими ГЭСтердин курулушу боюнча долбоорлордун Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн олуттуу мааниге ээ экендигинен жана электр энергиясынын кошумча кубаттуулуктарын өндүрүү зарылчылыгынан» улам кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтү «2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу жана эксплуатациялоо боюнча келишимди» денонсациялоону максатка ылайык деп эсептейт», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Бакыт Асанов Kloop.kgге келишимди денонсациялоо тууралуу чечим Орусия ГЭСтердин курулушун каржылай албастыгы айтылган президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынынан кийин кабыл алынганын айтты.

Өлкө башчысы 24-декабрда өткөн маалымат жыйынында «азыркы шартта» Орусия «Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын» куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыра албастыгын билдирген.

Анын айтымында, Орусиянын башкы экспорттоочу продуктусу эсептелген мунай баасынын төмөндөшүнөн улам азыр орус экономикасы «жакшы абалда эмес».

«Бирок мен дагы реалистмин да, а билким бул долбоор жылбай туруп калат. Мен узакка созулган курулуштарды жактырбайм. Мени Владимир Путин түшүндү, ал дагы реалист жана экөөбүз абдан жакын мамиледебиз. Ал мунун баарын көрүп турат. […] Алар жакшы долбоорлор болушкан, бирок биз инвестордун алы жетпестигин көрүп турсак аны создуктуруп эмне кылабыз», — деп билдирген өлкө башчысы.

Ал «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди курууга Кыргызстан инвесторлорду таба тургандыгын белгиледи. «Мен 2017-жылдын соңундагы мөөнөтүм аяктаганга чейин жок дегенде биринчи ГЭС каскадынын ишке берилишин каалайт элем», — деген Атамбаев маалымат жыйынында.

«Кыйынчылыктар бар»

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «РИА Новости» агенттигине курган маегинде кыргыз жана орус бийлиги «Камбар-Ата-1» жана Жоргорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулуш долбоорун талкуулоону улантып жаткандыктарын билдирди.

«Чынында коммерциялык жана конъюнктуралык мүнөздөгү маселелерге байланышкан айрым кыйынчылыктар бар. Түрдүү варианттар каралууда. Талкуулар уланып жатат. Азырынча бул боюнча кандайдыр бир чечимдердин кабыл алынышы тууралуу айтуу туура эмес болуп калат», — деп жазды «РИА Новости» Песковдун айткандарын.

Анын айтымында, долбоорлор боюнча сүйлөшүү компаниялар («Русгидро», «Интер РАО» жана «Электр станциялар») менен эки өлкөнүн бийликтеринин деңгээлинде уланат.

Кыргызстан менен Орусия «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу боюнча эки келишимге 2012-жылдын сентябрында кол коюшкан.

Каскаддагы ГЭСтердин курулушу менен алектенүү тапшырмасы орусиялык «Русгидро» мамлекеттик корпорациясына, а «Камбар-Ата-1» менен алектенүү «Интер РАО ЕЭС» компаниясына жүктөлгөн.

Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүнө 4 ГЭСтин курулушу алгач 400 миллион АКШ долларына бааланып жаткан, бирок 2014-жылы анан баасы 700 млн. долларга чейин жогорулатылган.

«Камбар-Ата — 1ди» курууга «Интер РАО» 2 миллиард доллар чыгымдашы керек болчу. Бирок 2013-жылдын башында компания инвестициялык программаны кайрадан карап чыгуу тууралуу айтып баштап, Кыргызстанда ГЭС куруудан баш тартуу вариантын караштырып баштаган.

2015-жылдын июлунда «Азаттык» радиосу «Камбар-Ата-1» долбоору инвестор алмаштырууга муктаж экенин, анткени каатчылыктан улам орус тарап курулуш баасын көтөрө албастыгын жазган.

Болжол менен ошол эле маалдарда Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль «Русгидро» Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин «курулуш графигин бузганын» жана долбоорду «каржылоону токтоткондугун» айткан.

Бирок андан төрт күн өткөндөн кийин «Русгидронун» ошол кездеги башчысы Евгений Дод Атамбаев менен жолугуп, каскаддагы алгачкы эки объект 2016-жылдын аягына чейин курулуп бүткөрүлөрүн билдирген.

Автор: Адилет Макенов