Бишкектеги дүкөндөр, көңүл ачуу жайлары жана кафелердин ээлери Жаңы жылдын алдында өз айнектерин оймо-чиймелер жана гирляндалар менен кооздошкон.

Бишкектин дүкөндөрү, кафелери жана көңүл ачуу борборлорунда алгачкы жасалгалоолор менен оймо-чиймелер декабрдын башында эле пайда боло баштап, Жаңы жылга канчалык аз күн калган сайын ошончолук көп имараттар майрамдык көрүнүшкө ээ боло башташкан.

00000003

IMG_6008

Акыркы жылдары терезе айнектерине чапталчу желим кар бүртүкчөлөрү менен Аяз аталардын картон сүрөттөлүштөрүн сатып алуу тенденциясы болгон. Алар анчалык деле жагымдуу көрүнчү эмес, бирок шаардагы имараттардын көбүнүн ээлери жаңы жылдык маанай түзүү үчүн аларды жетиштүү деп эсептеп келишкен.

Быйыл терезелерди колго чиймелеп кооздоо модасы кайтып келген, бул бишкектиктерди кубантпай койгон жок. Кар бүртүкчөлөрү, балатылар, Аяз аталар, бугулар жана башка жаныбарлардын сүрөттөлүштөрү дүкөндөрдүн айнек такталары менен кафелердин айнектерин кооздоп турут.

00000002

00000001

IMG_5975

00000010

00000008

00000007

00000006

00000004

Сүрөттөрдөн сырткары имараттарды ачык түстө жаркылдатып, кардарларды тартып турган тонналаган гирляндалар пайдаланылган. Алар жаңы жылдык жасалгалар жана сүрөттөр менен бирге абдан кооз көрүнөт.

00000005

00000012

Албетте өз имараттарын кооздоодо баары эле жетишээрлик деңгээлде аракет кылышкан эмес, бирок бул ишти татыктуу аткарып, кардарларына чындап эле жаңы жылдык маанай тартуулай алгандар да бар.

Жасалгалоолордун арасында шыптан төмөн салаңдап турган советтик эски «себээлеген жамгырлар» да жок эмес. Алар балалык кездин бир бөлүгү сыяктанып сүйкүмдүү жана жакын көрүндү.

00000009

Негизинен көбү имараттар жабылгандан кийин алар менен кошо андагы «жомок» дагы жоголгудай кылып жасалгалашкан, бирок кээ бирлери бишкектиктерди жумуш убактысы аяктагандан кийин да кубандырууга аракет кылышкан.

MAIN

А айрымдары шаарга майрамдык көрк берип, жагымдуулук тартуулоо мэриянын милдети болуп эсептелгенине карабастан аларга жардам беришкен. Шаар бийлиги болсо быйыл өткөн жылдан арткан кооздуктарды илип, алар борборго өзгөчө деле жагымдуулук тартуулаган жок.

IMG_5918

IMG_5948

Текст: Александра Ли
Сүрөт: Светлана Зеленская жана Александра Ли