Кыргызстандыктар жаңы жылды тосушту. Көбүнесе бул майрамды үй-бүлө менен бирге тосушат, бирок эски жылды узатуунун башкача жолу да бар -- өлкөнүн башкы аянтында. Быйыл аянтка бир нече миңдеген киши чогулду. Алардын жаңы жылды кантип тоскондуктарын Kloop.kgнин сүрөт баянынан көрүңүздөр.

Ала-Тоо аянтынын кире беришинде майрамга керектүү бардык нерселерди сатып алууга мүмкүн болду -- тамак-аштан тарта майрамдык аксессуарларга чейин.

Аянтта көптөгөн импровизацияланган майрамдык стенддер болуп, алардын фонунда фотографтар бишкектиктерди аниматорлор менен бирге сүрөткө тартып жатышты.

ny2016_02

ny2016_04

ny2016_05

 

Аянтка алыс эмес жайгашкан сүрөт галереясы кечкисин салттуу түрдө караоке-клубка айланат.

ny2016_07

Караокелердин айрым ээлери галереяны дээрлик клубдагыдай кылып жасалгалашкан.

Жаңы жылга бир нече саат калганда аянтта «Кыргызстан обордору» радиосунан майрамдык концерт башталды. Анда сахнада эстрада жылдыздары ырдашты.

Сахнанын алдында чыныгы аншлаг болуп турду -- ага жакын баруу абдан кыйын болду.

Аянтта майрамдап жаткан бишкектиктер эстрада музыкасынын коштоосунда бийлешти. Андагы көйнөгүн чечип алып жүргөн киши Бишкектеги жаңы жылдык түндөгү аба ырайын жакшы мүнөздөп турду.

 

ny2016_11

ny2016_12

ny2016_15

Аянтта ондогон Аяз ата менен Аяз кыздар жүрүштү.

Кытай жылсанагы боюнча 2016-жылдын символу -- маймыл. Жылсанак кытайдыкы, а символ дээрлик эл аралык болуп калган.

Өткөн 2015-жыл кой жылы болгон.

Майрамдык салюттан кийин аянтка чогулгандар жалпы шаар менен бирге фейерверктерди кое беришти.

Фотосүрөтчү Павел Исаенко жаңы жыл түнү бишкектиктердин майрамдык фейерверктерин сүрөткө тартуу үчүн атайылап Бишкектин панорамасына барган: