Кыргызстанда чучукту «жылкынын жыныстык мүчөсү» деп атаган «Кумтөр» кенинин башкы ширетүүчүсү Майкл Макфиттин Facebook баракчасына жазган билдирүүсүнө байланышкан чыр күч алууда.

Кечээ, 2-январда «Кумтөр» алтын кенинде анын миңден ашык кызматкери катышкан иш таштоо болгон. Жумушчулардын нааразычылыгына «Кумтөрдүн» башкы ширетүүчүсү, Улуу Британиянын жараны Майкл Макфиттин улуттук чучук тамагын «жылкынын жыныстык мүчөсү» деп атаган Facebook баракчасындагы билдирүүсү себеп болгон.

IMG-20160101-WA0004-200x130

Билдирүүнүн өзү 31-декабрда эле жарыяланган, бирок аны жергиликтүү жумушчулар үч күндөн кийин гана көрүшкөн.

«Кыргыз ашканасынын ардактуу тамагына» карата тоотпогон мамилеге нааразы болуп иш таштап жаткандар «кыргыздардын улуттук кадыр-баркын кемсинтүүгө жол берген чет өлкөлүк кызматкеринин аракети үчүн компания жетекчилигинин жоопкерчиликти өзүнө алуусун жана кызматкердин өзүнүн тиешелүү жазага тартылышын» талап кылышкан.

Кыргызстандын Тоо-металлургия комитетинин төрагасы Элдар Тажыбаевдин айтымында, иш таштоо маалында Макфит кенден кетип калган. Ушул түнү ал «Манас» аба майданынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБсине жеткирилген.

«Zanoza» билдиргендей, жакынкы күндөрү Макфиттин ишинин материалдары прокуратурага өткөрүлүп берилет. Өздөрүн кемсинтилген деп эсептеген «Кумтөрдүн» 120 кишиден турган кызматкерлери Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш ишинин козголушун талап кылып жатышат.

Майкл Макфиттин өзү баракчасындагы ал билдирүүнү кечээ өчүрүп, «сүрөттөгү адамдардын ага эч кандай тиешеси жоктугун» билдирип, кыргыз элинен кечирим сураган.

Автор: Адилет Макенов
Сүрөт Элдар Тажыбаев тарабынан жөнөтүлдү