Жаңы жылдан тарта Бажы кызматы бир катар автоунаа каражаттарын алып кирүү үчүн алынчу бажы тарифтерин жогорулатты. Жогорулатуулар транспортту жеке колдонуусу үчүн сатып алган жеке жактарга тиешелүү.

Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы жол-жоболоштуруу бөлүмүнүн начальниги Бектур Бекбоев Kloop.kgге курган маегинде автоунаалар үчүн бажы төлөмдөрүнүн жогорулашы пландуу экенин билдирди.

«Бажы төлөмдөрүн Бажы биримдигинин деңгээлине теңөө үчүн бир жолу жогорулатууда ал дароо эле абдан кымбаттап, айрым позициялар боюнча 3-4 эсеге чейин жетиши мүмкүн болчу. Ошондуктан узак сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өлкөнүн биримдикке кирүүсү тууралуу келишимдин өткөөл жоболорунда 5 жылга созулган таблица бекитилген. Ага ылайык, бажы төлөмдөрү этап-этап менен 5 жыл, 2020-жылга чейин жогорулатылат»,- деди Бекбоев.

Алсак, эгер 2015-жылы кыргызстандыктардын арасында популярдуу болгон 2000 куб сантиметрлик кыймылдаткычтуу 2000-жылкы «Mercedes E 320» седаны (эл арасында «лупарь» деген ат менен белгилүү) үчүн бажы төлөмү 5 200 АКШ долларын түзсө, 2016-жылы ал 6 200 долларга жетет.

Кроссовер классындагы унаалар арасында көп алынган 3000 куб сантиметр көлөмдүү 1999-жылкы «Lexus RX 300» үчүн алынчу бажы төлөмү 2015-жылы 11 700 долларга барабар болсо, 2016-жылы ал 13 950 доллар болот. Айырмасы 2 250 АКШ доллары.

Мамлекеттик бажы кызматынын веб-сайтындагы таблицага ылайык, кыймылдаткычынын көлөмү миң куб сантиметрден эки миң куб сантиметрге чейинки, ошондой эле «атайын кар үстүндө жүрүүгө ылайыкташтырылган» автоунаалар: гольф оюнчуларын ташуучу жана ошол сыяктуу транспорт каражаттары үчүн бажы ченемдери азыр чыккан жылына жараша бир куб сантиметри үчүн 2,4 АКШ долларынан 3,1 долларга чейинки сумманы түзөт.

Кыймылдаткычы эки жарым куб метрден ашкан автоунаалар үчүн бажы төлөмдөрү 3,6 доллардан 4,65 долларга чейин болот жана унаанын чыкканынан канчалык көп жыл өтсө, акыркы сатып алуучу үчүн ал ошончолук кымбатыраак болот. Бул категорияга ошондой эле кичи автобустар да кирет.

Транспорт каражаттары үчүн бажы төлөмдөрү 2015-жылдын 1-январынан тарта жогорулап баштаган: өткөн 2014-жылга салыштырмалуу алар бир куб метри үчүн бир жарым долларга кымбаттаган.

Автотранспорт үчүн бажы төлөмдөрү эң жогорку ченине 2019-жылдын башында жетет.

Тарифтер менен кененирээк шилтеме аркылуу өтүп таанышсаңыздар болот.