Бишкек-Ош унаа жолунда 3-январда пайда болгон тыгын сегиз саатка чейин созулган. Учурда укук коргоо органдары андагы чоң унаа тыгынынын пайда болушуна эмне себеп болгонун териштирип жатышат. ЖККдан тыгын ат оюндарынан улам пайда болгон деп эсептешүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош унаа жолундагы бир канча чакырымдык унаа тыгынынын пайда болуу себептерин териштирүүдө. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, анда тыгын 3-январда пайда болуп, унаалар «сегиз сааттай» турушкан.

Ал күнү Өзгөн районунун Дөң-Булак айылынын жашоочусу үч миңден ашык киши катышкан улуттук улак оюнун уюштурган. Унаа тыгынынын пайда болушуна ошол себеп болгон болушу мүмкүн — бул тууралуу «Азаттык» радиосу УКМКга шилтеме жасап билдирди.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге курган маегинде унаа тыгынынын себептери териштирүү иштеринен кийин белгилүү болорун айтты.

«[Жагдай] иликтенип бүткөндөн кийин унаа тыгынынын эмне себептен пайда болгондугу аныкталат. Ал иш-чаранын уюштуруучуларынын жоопкерчиликтери да каралат», — деди Сулайманов.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов улак тартыш өткөрүлүп жаткан маалда жолдо чоң жүк унаасы бузулуп токтоп калганын айтты.

«[Андан кийин] айрым айдоочулар каршы тилкеге чыга башташып, анын айынан тыгын пайда болуп, унаалардын өтүүсүнө дээрлик бош жер калбай калган», — деди Оторов.

Анын айтымында, ЖКК кызматкерлери келип, иштеп баштагандан кийин тыгын жоюлган.

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен жергиликтүү бийликке бул окуяны териштирип, унаа тыгынынын пайда болуусуна күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тапшырмасын берди.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, стратегиялык маанидеги жолдорду тосуу үчүн жеке жактарга беш миң сомго чейинки, а юридикалык жактар 70 миң сомго чейинки өлчөмдөгү айып пул салынат.

Сүрөт: «Азаттык»