Чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштырган британиялык Майкл Макфит депортацияланат. Судьянын айтымында, аны депортациялоонун расмий себеби — «улуттук кадыр-баркты кемсинтүү» эмес, а Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү.

Каракол шаардык сотунун судьясы Мадамин Азимжанов Kloop.kgге курган маегинде Макфит Кыргызстандын аймагында болуу тартиптерин бузгандыгы үчүн депортацияланарын билдирди.

«Ага карата административдик жаза чарасы колдонулду — Кыргыз Республикасынан чыгаруу, 390-берене. Анын документтери жайында эмес», — деди Азимжанов.

Судьянын айтымында, депортация «тез арада» ишке ашырылуусу керек.

Укук коргоочу Камиль Рузиев Kloop.kgге курган маегинде Ысык-Көл ОИИБсинин өкүлдөрүнө шилтеме жасоо менен милиция Макфиттин билдирүүсүндө «улуттар аралык кастыкты козутууну» таппагандыгын, бирок «кемсинтүү бар» экенин белгилегендигин билдирди.

«Макфитти Бишкекке, ИИМге алып кетишет. Аны өлкөдөн чыгаруу маселеси чечилет. Бул иш менен УКМК алектенет», — деди укук коргоочу.

Тема боюнча: Чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштырган британиялык прокуратурада көрсөтмө берди

Британиялык Майкл Макфит 31-декабрда «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына «анын кыргыз кесиптештери жылкынын жыныстык мүчөсүн жегени кезекте тургандыктары» жазылган билдирүү чыгарган.

Анын ал билдирүүсү «Кумтөрдүн» калган кызматкерлеринин нааразычылыгын жаратып, алар «улуттун улуттук кадыр-баркын кемсинткендиги» үчүн Макфиттин жоопко тартылышын талап кылышкан.

«Талап бирөө гана – кыргыздардын улуттук кадыр-баркын кемсинтүүгө жол берген чет өлкөлүк кызматкеринин аракети үчүн компания жетекчилигинин жоопкерчиликти өзүнө алуусу жана кызматкердин өзүнүн тиешелүү жоопко тартылышы», — деп жазылган тоо-кенчилердин кесиптик кушуунунун билдирүүсүндө.

Кийинчерээк британиялык соцтүйүндөгү ал билдирүүсү үчүн кечирим сурап, аны баракчасынан өчүрүп салган.

«Менде чынында эле бирөөнү кемсинтейин деген ниетим жок болчу. Эгер ошондой кабыл алсаңар бардыгыңардан кечирим сурайм», — деп жазган Макфит.

Сүрөт Майкл Макфиттин Facebookтагы баракчасынан алынды
Автор: Хлоя Гейне