«Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясынын кызматкеринин улуттук тамакты «мазактагандыгы» үчүн кармалышы дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн буруп, соцтүйүндөрдө кызуу талкууга алынды. Буга чейин чучукту «жылкынын жыныстык мүчөсү» деп атагандыгы үчүн чет өлкөлүк Майкл Макфит кармалган болчу.

«Гардиан» британ гезити «Кыргызстан деликатести «жылкынын жыныстык мүчөсүнө» салтыштыргандыгы үчүн британдыкты кармады» деп жазды. Макалада ошондой эле чучук тууралуу жана Макфит кызматкери болуп эсептелген «Кумтөрдүн» тарыхы тууралуу кыскача айтылган.

«Би-би-си» «Франс-Пресс» жаңылыктар агенттигине шилтеме жасоо менен «Жылкынын жыныстык мүчөсү» тууралуу тамашасы үчүн Кыргызстанда шотландиялык «кармалды» деген макала жарыялады.

Анда «[Макфиттин] кесиптештери абдан капа болгондуктан алар иш таштоого чейин баргандыктары» тууралуу айтылган. Ошондой эле анда ал беш жылга чейин абакка камалышы мүмкүндүгү жазылган.

Дагы бир британ басылмасы — «Ивнингтаймс» дагы окуя жөнүндө кыска макала басып чыгарды.

«Орусия бүгүн» медиа-холдингинин англис тилдүү версиясы да бул жаңылыкка көңүл бурду — анын макаласында «Макфит жеке баракчасындагы билдирүүсүн тез арада өчүрүп, кечирим сурагандыгы, бирок кеч болуп калгандыгы» тууралуу жазылган.

«Твиттер» кичи блог сервисинин колдонуучулар да четте калышкан жок: Bishkekchanin деген ысым менен катталган колдонуучу #jesuischuchuk хэштегин сунуштап, ал жакка ушундай жазуулары менен улуттук тамактын сүрөттөрү жайгаштырылган.

«5 жылга чейин камалышы мүмкүн»

«Азаттык» радиосу менен «КирТАГ» маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБсинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновго шилтеме жасоо менен Макфит Караколдун прокуратурасы тарабынан суракка алынып, учурда мейманканада экендигин билдиришти.

Эгер прокуратура Макфиттин билдирүүсүнөн кылмыш курамын тапса, ал Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «Улуттар аралык кастыкты козутуу» тууралуу айтылган 229-беренеси менен сот алдында жооп бериши мүмкүн. Аталган беренеде 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул төлөтүү же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө абакка камоо жазасы каралган.

«Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясынын өкүлү Kloop.kgге Макфит дагы деле алардын кызматкери экенин билдирди.

«Азыркы учурда жетекчилик толугу менен «Кумтөрдө». [Макфиттин ишке жарамдуулугу тууралуу] чечим алар кенден кайтып келгенден кийин кабыл алынат», — деп билдиришти компаниянын басма сөз кызматынан.

Майкл Макфит 31-декабрда Facebook түйүнүндөгү жеке баракчасына кендин ашканасынан тартылган сүрөттү жайгаштырып [кийин аны өчүрүп, кечирим сураган], анын жогору жагына «кыргыздар жылкынын жыныстык мүчөсүн жегени кезекте турушат» деп жазган.

Үч күндөн кийин «Кумтөрдүн» жергиликтүү кызматкерлери ал билдирүүнү көрүшүп, Майкл Макфитти иштеп жаткан кызматынан бошотуу талабын коюп, иш таштоого барышкан. Макфиттин өзү өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган, бирок ошол эле түнү укук коргоо органдары тарабынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБсине жеткирилген.