The Financial Times британ гезити 2016-жылга карата батыш өлкөлөрүнүн жашоочулары үчүн туристтик багыттар боюнча жол көрсөткүч жарыялап, ага Кыргызстанды да кошкон.

The Financial Times туристтик агенттиктердин өкүлдөрүнөн интервью алган — алар батыш өлкөлөрүнүн жашоочулары үчүн 2016-жылы кызыгуу жарата турган өлкөлөрдүн өз тизмелерин түзүшкөн.

Туристтик индустрия өкүлдөрү өз тизмелерине 7 өлкөнү киргизишкен: Шри-Ланка, Перу, Түштүк Африка, Гренландия, Куба, Бразилия жана Кыргызстан.

«Wild Frontiers» турагенттигинин негиздөөчүсү Жонни Билби алардын компаниясына «заманбап жашоонун тез темпинен чарчап, жапайы жаратылыштын шартында эс алууну каалаган» көптөгөн кардарлар кайрыларын билдирген.

Анын айтымында, андай кардарлар жалпы кайрылгандардын 30 пайызын түзүшөт.

«Кыргызстан көчмөн маданияты, кооз тоолору, көлдөрү жана токойлору менен алардын бардык талаптарына эң сонун туура келет», — деп билдирген ал.

Басылма Кыргызстанга саякаттоо батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгү үчүн визасыз режимдин бар болгондугу менен жеңилдей турганын белгилеген.

«Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму (ЕККУ) тарабынан аймактагы эркин жана уникалдуу деп табылган октябрдагы парламенттик шайлоо да ишеним туудурат», — деп жазган басылма.

The Financial Times көп сандаган фестивалдарга, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын майрамдоого жана улуттук көк бөрү же басылма жазгандай «бузгашиге» күбө болууну сунуштаган.

Билби Кыргызстандын башкы өзгөчөлүгү катары анын адам колу тийе элек жаратылышын атаган: Тянь-Шань тоолоруна чыгуу, ат минип талаада сейилдөө же Жибек Жолунун байыркы каттамдары менен тоо велосипединде жүрүү жана тоолор менен курчалган салттуу боз үйлөрдө болуу.

Кыргызстан чет өлкөлүк басылмалардын 2016-жылга карата чыгарган алдыңкы туристтик жайларынын тизмесине биринчи жолу киргизилбей эле. Буга чейин өлкө «сөзсүз барып келүү керек болгон» 12 өлкөнүн тизмесине кошулган — аны норвегиялык жазуучу, жарналист жана саякатчы Гуннар Гарфорс Business Insider деген австралиялык сайт үчүн түзгөн.

Сүрөт: Данил Коржонов