Өз сим-карталарын каттоодон өткөрбөгөн уюлдук операторлордун колдонуучулары 1-февралдан тарта өчүрүлүшөт. Мамлекеттик байланыш агенттигинин билдирүүсү боюнча, абоненттердин 300 миңден ашык каттоодон өткөрүлбөгөн сим-карталары байланыштан өчүрүлүшү мүмкүн.

Мобилдик түйүндөрдүн абоненттери үчүн сим-карталарын милдеттүү түрдө катоодон өткөрүү мөөнөтү 2016-жылдын февралында аяктайт — ал күндөн кийин өз номурларын каттатпагандар өчүрүлүшөт, деп билдирди Мамлекеттик байланыш агенттиги.

Агенттиктин маалыматы боюнча, эгер өз сим-карталарын байланыш операторлорунун кеңселеринде каттоодон өткөрүшпөсө мобилдик түйүндөрдүн 300 миңден ашык абоненти өчүрүлүшү мүмкүн.

Байланыш агенттиги уюлдук операторлордун өтүнүчү менен буга чейин сим-караталарды каттоодон өткөрүү мөөнөтү үч жолу жылдырылганын билдирди.

«[…] ал кезде операторлор бир канча миллиондогон абоненттик базага ээ болушкан жана кыска убакыттын ичинде алардын бардыгы менен жазуу жүзүндө келишим түзүүгө мүмкүн болгон эмес», — деп билдиришти Байланыш агенттигинен Kloop.kgге.

Тема боюнча: Сим-картаны кантип каттатууга болот?

Жалпысынан Кыргызстанда 7 млн. 740 миңден ашык мобилдик байланыш абоненттери бар, алардын 96 пайызы өз сим-карталарын катоодон өткөрүшкөн. Азыр Кыргызстанда үч ири мобилдик оператор бар — «Мегаком», «Билайн» жана «О!».

Сим-карталарды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү тартиби 2014-жылдын февралынын ортосунда өкмөттүн токтому менен киргизилген.

Алгач мобилдик номурларды катоонун акыркы күнү катары 2015-жылдын 8-марты көрсөтүлгөн, бирок кийин ал мөөнөт бир канча жолу жылдырылган — биринчи августка, андан кийин 2015-жылдын октябрына.

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин сим-карталарды милдеттүү каттоодон өткөрүү идеясы парламент депутаттары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан бир нече жолу айтылган.

Мындай кадамдын башкы себеби — жарандардын коопсуздугун камсыздоо, терроризм жана криминал менен күрөшүү, ошондой эле милицияга жалган билдирүүлөрдү айтып чалган адамдарды табуу.