Жол кайгуул кызматы кайгуул милициясы деп өзгөртүлүп, жол жана кайгуул милицияларынын функцияларын бириктирет. Өзгөртүүлөр акырындык менен 2016-жылдын аягына чейин киргизилет.

Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) кайгуул милициясына өзгөртүлүшү өкмөттүн 2016-жылга карата түзүлгөн программасына ылайык жүргүзүлөт.

Документте жаңы кызматта иштегендерге көчөлөрдүн конкреттүү бөлүктөрү же кварталдар дайымкы негизде бекитилип бериле тургандыгы жазылган.

«Аларга [инспекторлорго] өздөрү тейлеп жаткан аймактагы авариялуулуктун абалы жана андагы калк менен бирге кызматташуу үчүн персоналдык жоопкерчилик жүктөлөт», — деп жазылган өкмөттүн программасында.

ЖКК басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге курган маегинде кызмат өкмөттүн планын колдой турганын жана январдын аягына чейин Бишкек шаары менен Чүй облусунун Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул күзөт кызматы кайгуул милициясы болуп өзгөртүлөрүн билдирди.

ЖКК өкүлүнүн айтымында, жалпы Кыргызстандын аймагы боюнча реформалар 2016-жылдын аягына чейин киргизилет.

«Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул күзөт кызматы бириктирилүүдө. Бул натыйжалуу болот, анткени биздин кызматкерлер жол коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштардын бетин ачуу боюнча иш алып барышат», — деди Оторов.

Ал милиционерлер жөө жана кызматтык унаалары менен үч сменде кайгуулда боло тургандыктарын кошумчалады. Аны менен катар документтерин текшерүү үчүн айдоочуларды токтоткон инспекторлор мурдагыдай эле көчөлөрдө калтырылат.

«Балким Орусиядагыдай видеокамералар менен жабдылган жашыруун жеке кайгуул унаалары киргизилет. Тактап айтканда, алар билгизбестен көчөлөрдө жүрүп, эгер жол эрежесин бузуу каттала турган болсо ал жакка кайгуул унаалары барып, тиешелүү чечимдерди кабыл алат», — деди басма сөз катчы.

ЖКК башчысы Сергей Дьяченко 2015-жылдын декабрынын башында видеорегистраторлор инспекторлор менен айдоочулардын ортосундагы сүйлөшүү маалындагы «коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу үчүн» киргизилээрин айткан.

Видеорегистраторлор төрт негизги функция менен камсыз болот:

  • видеожазуу;
  • аудиожазуу;
  • инспекторлордун кайсыл жерде экендигин көзөмөлдөө үчүн GPS-трекер;
  • радио-станция аркылуу сүйлөшүүлөрдү башкаруу.

«Мындай жабдуулар Кытайда, Түркияда, Казакстанда жана Орусиянын айрым аймактарында кеңири колдонулууда. Бул сүйлөшүүдөгү коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жардам берет деген үмүттөбүз», — деп билдирген анда Дьяченко.

«Перспективдүү идея, бирок ишке ашырылышына жараша болот»

«Реформалар жана жыйынтыктар үчүн» жарандык биримдиги Kloop.kgге жөнөткөн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүндө ЖККны кайгуул милициясына өзгөртүп реформалоо эгер аны «Коопсуз шаар» долбоору менен бирге киргизүү менен ишке ашырса натыйжа алып келиши мүмкүндүгүн билдирди.

Коомдук бирикменин өзү укук коргоо органдарындагы реформаларды алга жылдыруу менен алектенет.

«Башкы артыкчылыгы кайгуул өзүнө бекитилип берилген аймактагы коопсуздукка жооп бере тургандыгында болот. Бирок бардыгы барып эле деталдарга такалат, бирдиктүү кайгуул кызматы кантип түзүлөт жана анда кимдер иштейт деген сыяктуу», — деп жазган уюм.

Жарандык биримдиктин мүчөлөрүнүн айтымдарында, кайгуул милициялары так кызматтык нускамага ээ болуулары керек.

«Нускамада кызматкерлердин кандай гана абалдагы болбосун бардык функционалдык милдеттери менен аракеттеринин стандарттары кенен жазылышы зарыл. Ал стандарттардан четтөө мыйзам бузуу болуп эсептелиши керек», — деп билдиришти биримдиктен.

Уюмдун пикиринде, эгер кайгуул кызматынын курамы ЖККнын учурдагы кызматкерлеринен тура турган болсо, анда реформа идеясы ойдогудай жыйынтык бербей калышы мүмкүн.

«[…] биз бирдиктүү кайгуул кызматынын штатын ачык сынак аркылуу тандап алууну сунуштайбыз. Аны менен катар тандоодо талапкердин ЖККда иштөө тажрыйбасы эсепке алынбашы керек. Өз кезегинде сынак комиссиясы ИИМ, Бишкек мэриясы (борбор үчүн) жана жарандык коомчулук өкүлдөрүнөн турушу керек, — деп сунушташты уюмдан.

Реформалар жана «Коопсуз шаар»

ЖККнын ишиндеги өзгөртүүлөр укук коргоо органдарындагы реформалардын алкагында жасалууда.

Өкмөттүн программасына ылайык, кайгуул милициясы жарандар менен сүйлөшүүдө портативдүү видеорегистраторлорду пайдаланышат — министрлер кабинетинин пикиринде, бул инспекторлор менен айдоочуларды «тарбиялоого мүмкүндүк берет».

«Айдоочулук күбөлүктөрдү алуу учурлары азайтылып, айып пулдарды төлөө үчүн төлөм түйүндөрү кеңейтилет, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу аркылуу негизги шаарлардагы жол кыймылдарын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган системалар киргизилет», — деп жазылган документте.

«Коопсуз шаар» долбоору — Кыргызстандын өкмөтү тарабынан 2014-жылдын жайында демилгеленген видеокөзөмөл системасы.

Бишкекте долбоордун сыноосу бир жыл мурда башталган. ИИМ аны Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Бишкек — Каракол жана Бишкек — «Манас» аба майданы унаа жолдорунда ишке ашырууну пландап жатат.

Долбоор боюнча, көзөмөл камералары көчөлөргө гана эмес, а сейил бактары жана башка эс алуу жайларына да орнотулат.