Футбол боюнча 22 жашка чейинки өспүрүмдөрдөн турган Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-22) «Шериктештер Кубогунда» Беларусь, Казакстан жана Молдова командалары менен бир тайпада ойнойт.

22 жашка чейинки оюнчулардан турган кыргыз курамасы 4-январда Москвага учуп кетип, алгачкы машыгуусун өткөрүүгө жетишти. Кийинки күндөрү машыгуулар күнүнө эки жолудан болот, — деп жазылган Кыргызстандын Футбол федерациясынын сайтында.

Кыргызстандын жаштар курамасы Беларусь, Казакстан жана Молдова командалары менен бирге А тайпасында ойнойт.

Окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында 9-январда Раменское шаарынын «Сатурн» футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрүү пландалган.

Кыргызстандын жаштар курамасына 23 оюнчу киргизилген, алардын ичинде үчөө дарбазачылар жана 20 талаа оюнчулары.

Дарбазачылар:

Шикин Андрей («Наше Пиво»)
Алыбеков Дастан («КейДжи Юнайтед»)
Кадырбеков Кутман («Ала-Тоо»)

Коргоочулар:

Эшимов Кудайберген («Абдыш-Ата»)
Козубаев Тамирлан (клубу жок)
Сокирченко Данил («Наше Пиво»)
Умаров Акрамжон («Абдыш-Ата»)
Самарбек уулу Сулейман («Алга»)
Шаршеев Санжар («Ала-Тоо»)
Левченко Роман («Ала-Тоо»)
Юсупов Мустафа («Ала-Тоо»)
Салиев Аскарбек («Алга»)

Жарым коргоочулар:

Дүйшөбеков Бактияр («Абдыш-Ата»)
Талгат уулу Бектур («Абдыш-Ата»)
Момунов Султан («Наше Пиво»)
Мусабеков Фархат («Абдыш-Ата»)
Исраилов Ахлидин («Динамо-2», Киев; Украина)
Сагынбаев Бекжан («Ала-Тоо»)
Карипов Манас («Абдыш-Ата»)
Ахматалиев Мирбек («Алга»)

Чабуулчулар:

Боколеев Абай («Миласспор», Мугла; Түркия)
Баратов Давлятжан («Абдыш-Ата»)
Темирбаев Элхан («Дордой»)

Башкы машыктыруучу: Мирлан Эшенов

«Шериктештик Кубогу» — жыл сайын 22 жашка чейинки оюнчулардан турган жаштар курамаларынын ортосунда Санкт-Петербург шаарында өтчү эл аралык футболдук мелдеш.

Ага КМШ жана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн командалары катышышат. Өткөн жылы биринчи жолу Финляндия менен Түштүк Африка Республикасынын командалары чакырылып, акыркысы мелдештин жеңүүчүсү болгон.

2015-жылы Кыргызстан Орусия, Молдова жана Латвиядан көп упай алып В тайпасынан биринчи орунда чыккан. Бирок чейрек финалда Финляндия курамасына утулуп, финалга жетпей калган.

Быйыл дагы «Шериктештик Кубогу» 16-январдан 25-январга чейин Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Сүрөт: ffkr.kg сайты